БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. 3-февралда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +2…+7 градус жылуу болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын жергесинде —1…-6 градус суук болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ош шаарында +6…+8, Бишкек шаарында +5…+7 градус болору болжолдонду.