00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мурзаев: Ахлетдин пас бергенде топту басып аламбы деп корктум

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев Азия кубогунда улуттук командага футбол күйөрмандарынын сүрөөсү чоң күч бергенин айтты.
Мурзаев: Ахлетдин пас бергенде топту басып аламбы деп корктум

Футбол боюнча Азия кубогунда БАЭ командасы менен болгон оюндун соңунда Ахлетдин пас чыгарып берип калды. Бул учурда дарбазачы да жакындап калгандыктан, тез арада аракет көрүш керек эле. Мен дарбазачыны алдап туруп гол киргизе аларымды бир ирмемде түшүндүм. Бул тууралуу Мирлан Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Футболчу улуттук команданын оюнчуларында "ким гол киргизсе да Кыргызстан утсун" деген зор каалоо болгонун белгилеп өттү.

"Азия кубогунда мен голго суусап турдум. Гол киргизе албай мекениме кетпесем экен деп тилек кылып жаттым. Бизде командалык ынтымак күчтүү болду. Оюн талаасында биздин гана күйөрмандардын кыйкырганы угулуп жатты. Алардын ишенимин актап, гол киргизсем экен деп турсам, Ахлетдин пас чыгарып берди. Ал менден алысыраак болуп, дарбазачы да камынып келип калды. Мен дарбазачыны алдап гол киргизип кеткенге мүмкүнчүлүгүм бар экенин бир ирмемде түшүнүп, абалды колдон чыгарбаш керек деп ойлодум. Бутум тепкенге даярданып жатып да, топту тебелеп албасам экен деп корктум. Гол киргенде күйөрмандардын кыйкырыгын угуп, жүрөгүм дүкүлдөп кетти, абдан сүйүндүм", — деди Мурзаев.

Футболчу учурдан пайдаланып футбол боюнча улуттук команданын жалпы күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Салымбеков: калыстын адилетсиздик кыларын күткөнбүз
Эскерте кетсек, футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин 1/8 финалда киргизген голу бирден-бир мыкты гол деп табылды.

Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биринчи орунга вьетнамдык спортчу Нгуен Конг Фыонг 217 миң добуш алып татыса, Мирлан Мурзаев экинчи орунду багындырган. Ага 59 миңден ашуун адам жан тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0