00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мирлан Мурзаев кичинекей кезинде кандай бала болгонун ата-энеси айтып берди. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги футболчу Мирлан Мурзаевдин Кара-Балтада жашаган ата-энесине барып, анын балалыгы, спорттогу жолу, хоббиси тууралуу маектешип кайтты.

Футбол боюнча улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Азия кубогунун алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) беттешинде алгачкы голду киргизген.

Спортчунун ата-энеси Абдраим Мурзаев менен Жумагүл Исмаилова Кара-Балтада жашайт. 

Атасы уулунун чемпионаттагы ийгилигине кубанганынан көзгө жаш алганын айтып берди. 

"Оюнду телевизордон түз эфирден көрдүк. Мирлан гол киргизгенде абдан сүйүндүк. Ата катары "жаракат албай, жакшы ойноп берсе экен" дедим. Мен бир нерсени айтып берейин. Мирлан кичинекей кезинде тилине эки-үч жолу кара так пайда болгон. Биз алгач ширеңкенин кумун жалап алган го дегенбиз. Кимдерге гана көрсөтпөдүк. Атам ошондо "бул азиз (араб. — күчтүү, улуу урматтуу) бала. Урса, капа кылса болбойт. Кудай буюрса, мурзалардын уругунун даңкын көтөрөт" деген. Гол киргизгенде ошол сөз эсиме келип аябай ыйладым. "Азиз бала" деп кемпирлер да көп айткан", — деп сезимдери менен бөлүштү спортчунун атасы. 

Абдраим Мурзаев болочок футболчу жаш кезинде тентек болгонун айтып берди.

Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги
"15 жыл Сүлүктүдө шахтада иштегем. 1994-жылы балдардын келечеги үчүн Кара-Балтага көчүп келгенбиз. Мирлан биринчи классында футбол менен баскетбол секциясына жазылган, кийинчерээк футболчу болууну чечти. Балам аябай тентек эле. Мектеп жыйынына баргандан коркуп турчубуз. Мугалимдер "Сүлүктүдөн келген Мурзаев профессордой келип-кетет" деп даттанчы. 10-классында мектептен чыгып алды. Бир күнү бизге айтпай эле башка мектептин директору менен сүйлөшүп, орус класска кирип алганын билдик", — деди Мурзаев.

Ошондой эле ал уулунун бош убакта эмне менен алектенерине токтолду.

"Мирлан экөөбүздүн үйдө төрт-беш бөдөнөбүз бар. Жумурткасына деле кызыкпайбыз. Үндөрүн угуп, кооздугуна суктанып туруу бакыт. Ал эми көгүчкөндөрдү мен Сүлүктүдө жүргөндө эле кармачумун. Кара-Балтадагы үйдүн чатырына бир көгүчкөн конуп калыптыр, анан бакыттын белгиси деп экинчисин алып келдик. Кийин Мирлан эки коробка көгүчкөн көтөрүп келиптир. Ошентип көбөйүп кетти. Канаттууну учуруп, ошондон ырахат алганга эмне жетсин. Мындан тышкары мал чарбачылык менен алектенебиз. Алабайларыбыз да короонун көркү", — деди футболчунун атасы.

Ал кошумчалагандай, Мирлан Мурзаев үч бир туугандын кенжеси. Агасы жана эжеси бар. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. 

Ушул тапта спортчу Азия кубогунун 1/8 финалындагы "мыкты голдун" ээси болуу үчүн ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0