00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги

Жазылуу
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) беттешинде гол киргизген футболчу Турсунали Рустамовдун атасы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине сезимдери менен бөлүштү.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Азия кубогунун алкагында БАЭ командасынын дарбазасына гол киргизген атамекендик футболчу Турсунали Рустамовдун келинчеги көз жарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчунун атасы Хайитмухаммад Рустамов билдирди.

Футболчунун Кара-Балта шаарында жашап, жер-жемиш сатып ишкерлик кылган атасы менен телефон аркылуу байланыштык. 

© Фото / из семейного архива РустамовыхКурама команданын жарым коргоочусу Турсунали Рустамовдун атасы Хайитмухаммад Рустамов жана апасы Матлюба Рустамова. Футболчу өзү төрт бир тууган.
Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Курама команданын жарым коргоочусу Турсунали Рустамовдун атасы Хайитмухаммад Рустамов жана апасы Матлюба Рустамова. Футболчу өзү төрт бир тууган.

Ал алгач уулунун чемпионаттагы ийгилигине маңдайы жарыла кубанганын айтып берди. 

© Фото / из семейного архива РустамовыхРустамов: уулум 3-классынан тарта футбол менен машыгып, бой тартканда курама командага кошулду
Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Рустамов: уулум 3-классынан тарта футбол менен машыгып, бой тартканда курама командага кошулду

"Оюнду түз эфирден көрдүк. Жалпы командага жан тартып, колдодук. Балдар мыкты оюн көргөздү. Биз курама команда жарым финалга чыкса, керек болсо чемпион болсо деп тиленгенбиз. Балам гол киргизгенде толкунданып, өзүмдү кармай албай калдым. Кыйкырып ийдик. Таякелери, акелери менен отуруп чогуу көрдүк да. Андагы сүйүнүчтү сөз менен айтып бере албайм. Сагынып, күтүп жатабыз. Келсе катуу кысып кучактайм", — деди спортчунун атасы.

Ошондой эле сүйүнүчүнө жаңы төрөлгөн небереси да кошул-ташыл болгонун белгиледи. 

© Фото / из семейного архива РустамовыхТурсунали бир уул, эки кыздын атасы. Үчүнчү перзенти ал Бириккен Араб ЭМирлигинде жүргөндө жарыкка келди.
Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Турсунали бир уул, эки кыздын атасы. Үчүнчү перзенти ал Бириккен Араб ЭМирлигинде жүргөндө жарыкка келди.

"Турсунали оюнда жүргөндө келиним көз жарды. Кыздуу болдук. Телефон аркылуу сүйүнчү айтканыбызда абдан кубанды. Оюн учурунда дем берсе керек. Буга чейин бир уул, бир кызы бар болчу. Баарыбыз Кара-Балтада турабыз. 90-жылдары Тажикстандан көчүп келгенбиз. Турсунали тун уулум. Эки иниси жана карындашы бар. Мен жер-жемиш сатып иштейм. Апасы Матлюба Рустамова үй кожойкеси", — деди Рустамов.

Турсуналинин футболго кандайча келип калгандыгы тууралуу да азын-оолак кеп кылды. 

"Өзүм жаш кезде футбол ойноп жүргөм. Турсунали мени ээрчип ойноп жүрчү. Кара-Балтадагы Сергей аттуу машыктыруучуга 3-классынан тарта бергем. Бой тартканда курама командага кошулду. Азырынча чет элдик клубдарда күчүн сынай элек. Болгону Тажикстанга барып ойноп келген", — деди Рустамов.

© REUTERS / SUHAIB SALEMТурсунали Рустамов Азия кубогунун 1/8 финалында топ киргизип, эсепти теңеген. Бул турнирге Кыргызстан биринчи жолу катышты.
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Турсунали Рустамов Азия кубогунун 1/8 финалында топ киргизип, эсепти теңеген. Бул турнирге Кыргызстан биринчи жолу катышты.
Эске сала кетсек, Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстандын футболчулары БАЭ менен беттешип, 3:2 эсебинде утулган. Атаандаштарга топтун алгачкысын Мирлан Мурзаев киргизсе, кийинкиси Турсунали Рустамовго таандык болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0