Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Урустамова: эми пенсияга чыгууга электрондук документ даярдалат

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун кирешелер башкармалыгынын башчысы Нуржан Урустамова. Архив
Социалдык фонддун кирешелер башкармалыгынын башчысы Нуржан Урустамова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун кирешелер башкармалыгынын башчысы Нуржан Урустамова мекеменин сайтында "пенсионердин жеке кабинети" ачылып жаткандыгын айтты.
Урустамова: эми пенсияга чыгууга электрондук документ даярдалат

Эми пенсияга чыгууга алты ай калганда ар бир пенсия алуучу адам Социалдык фонддун сайтына кирип, керектелчү документтердин электрондук тизмесин толтурса болот. Бул тууралуу Нуржан Урустамова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, документтерди электрондук түрдө кабыл алуу биринчиден убакытты үнөмдөсө, экинчиден коррупциянын жолун бууйт.

"Социалдык фонддун сайтында "камсыздалган тараптын жеке кабинети" деген кызмат ачылууда. Ал жерге пенсияга чыгаарына алты ай калганда кирип, катталып, керектелчү документтердин электрондук вариантын, арызын жазып жүктөсө болот. Биз ал документтерди карап чыгып, жетишпегендерин кийин кагаз түрүндө алабыз. Кызмат ушул жылдын июль айында ишке кириши күтүлүүдө", — деди Урустамова.

Ал электрондук кызматтын ачылуусу менен пенсия документтерин чогултуудагы бир топ машакат жоюларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0