"Ызгаардагы ыр". Акын Мирлан Самыйкожонун поэзия кечеси өтөт

© Фото / Ринат МурзаевАкын, журналист Мирлан Самыйкожо атка минер болду
Акын, журналист Мирлан Самыйкожо атка минер болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын 20 жылга жакын мезгилден тарта поэзия айдыңында.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Акын Мирлан Самыйкожонун "Ызгаардагы ыр" деп аталган чыгармачылык кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Поэт Рыскуль Изатова - Sputnik Кыргызстан
Акын Рыскүл Изатова: сөзгө сындырып, атаандашкан эркектер болду
Акын 20 жылга жакын мезгилден тарта поэзия айдыңында жүрөт.

Алгачкы ырлары 1998–2000-жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы "Айыл турмушу" гезитинде жарык көрүп, 2001–2002-жылдары республикалык "Аалам", "Кыргыз Туусу", "Кыргыз Руху" "Кыргыз караван" жана башка гезит-журналдарда жарыяланган.

2005-жылы Жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги Жолдошбек Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2008-жылы анын "Жүрөккө түшкөн чагылган" ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. 2007-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

2002-жылы Чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон.

Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-9. Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер?
2003–2004-жылдары "Бийиктик" басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер болуп иштеген. 2004-жылы "Айтыш" коомдук фондусунун "Калемгер" адабий клубунун жетекчиси, кийин Жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы болгон. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын радио бөлүмүндө жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде эмгектенген.

2006-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Поэзия кечеси үстүбүздөгү жылдын 25-январында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0