БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жана Кара-Балта шаарында ата-энеси чет жакка иштөө үчүн кеткен үй-бүлөдөгү балдарды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Чүй ОИББдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, иш-чара 14-январда өткөн.
Жалпысынан 560 турак жай текшерилип, 5 үй-бүлөдө жашап жаткан 8 баланын ата-энеси Кыргызстандан тышкары жүргөнү аныкталган.
Андан сырткары, Петровка айылында начар шартта жашаган 6 жашар бала белгилүү болгон. Ал 33 жаштагы апасы менен чогуу жашай турганы, бирок энеси такай арак ичип баласын бир нече күнгө чейин кароосуз калтырып жүргөнү аныкталган.
Ушундай эле иш-чаралар Чүй облусунун башка райондорунда жүргүзүлөт.
Эгер сиз баланын кордолгонун көрүп-билип калсаңыз, облустагы штабдарга чалсаңыз болот.