Өкмөт мүчөлөрү кайдан окуп, эмне кесипке ээ болушкан? Тизме

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчү. Архив
Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн бир топ мүчөсү эки же андан ашык жогорку билимге ээ. Бул жаатта алардын арасынан вице-премьер Жеңиш Разаков лидер болуп саналат.

Кыргызстанда көпчүлүк адамдар диплому бир бурчта чаң басып жатканын, жашоого таптакыр эле башка чөйрөдөн тыйын табарын моюнга алышат.

Айыл чарбасы өлкөнү өргө сүрөөчү тармактардын бири болуп саналганына карабастан, бир жарым жыл мурун депутаттар өкмөттүн бир да мүчөсүнүн айыл чарба жаатында билими жоктугуна нааразы болушканы эсибизде.

Sputnik Кыргызстан редакциясы өкмөт мүчөлөрү кайсы билимге ээ экендигин тактап көрдү. Маалыматтар министрлер кабинетинин сайтынан жана башка ачык булактардан топтолду.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев — Константин Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун 1994-жылы агроном адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин бүтүргөн.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов — 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунан инженер-куруучу адистигин, ал эми 2011-жылы Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынан юриспруденция адистигин алып чыккан.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Жеңиш Разаков
Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Жеңиш Разаков

Вице-премьер Жеңиш Разаков үч жогорку билимге ээ. 1990-жылы Ленинград аскер-механикалык институтунун прикладдык механика жана автоматика факультетин аяктаган. Андан соң, 2002-жылы, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, ошондой эле КР ИИМ академиясын да сырттан окуп бүтүргөн. Ачык булактарда адистиктердин аталыштары аталган эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Алтынай Өмүрбекова
Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова — 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы КМУУнун алдындагы Магистратура жана аспирантура борборун аяктап, юриспруденция боюнча магистр даражасына ээ болгон.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер Замирбек Аскаров
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Замирбек Аскаров

Вице-премьер Замирбек Аскаров Ош мамлекеттик университетинен география мугалими (1999-жыл), Финансы жана кредит (2004-жыл) адистиктери боюнча эки багытта жогорку билим алып чыккан.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси-министр Шамиль Асымбеков 1986-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун Экономика жана айыл чарбасын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков
Глава МИД КР Чынгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков — 1998-жылы Эл аралык мамилелер (бакалавр) адистиги боюнча Кыргызстандын эл аралык университетин бүтүрүп, эки жылдан кийин ушул эле окуу жайдан юриспруденция багытында магистр даражасын алган. Андан соң Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра внутренних дел Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев — 2000-жылы КМУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

© Фото / пресс-служба Конституционной палаты КРЮстиция министри Марат Жаманкулов
Руководитель аппарата конституционной палаты Верховного суда Марат Джаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Юстиция министри Марат Жаманкулов — 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинен юриспруденция адистигин алып чыккан. 2014-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясынан Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адамдык ресурстарды башкаруу багытында магистр даражасына ээ болгон.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаФинансы министри Бактыгүл Жээнбаева
Кандидат на должность министра финансов Бактыгуль Жээнбаева - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева — Кыргыз мамлекеттик университетин эки ирет — 1982-жылы жана 1989-жылы аяктап, прикладдык математика жана экономист адистиктерин алып чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министри Олег Панкратов
Министр экономики Кыргызстана Олег Панкратов - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Олег Панкратов

Экономика министри Олег Панкратов — 1992-жылы Педагогикалык институтун физика, информатика жана эсептөө техникасы боюнча бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев

Айыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев — Ош технологиялык университетинен коммерция жана менеджмент адистигин алган.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов — 2004-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева
Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун, кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.

© пресс-служба мэрии города БишкекСаламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев
Министр здравоохранения КР Космосбек Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1985-жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтунун фармацевттик факультетинен фармация адистигин алып чыккан. Экинчи жогорку билими — юрист (2011-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган).

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов — 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин ишкана менеджменти адистиги боюнча аяктап, ал эми 2011-жылы Кыргызстандын эл аралык университетинен финансы багытында жогорку билимге ээ болуп чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров — 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана насыя адистиги, кийин 2003-жылы укук таануу багыты боюнча аяктаган. 1997-жылы КР УКМКнын жогорку курстарын окуган, төрт жыл өткөндөн кийин Россиянын ФСБ академиясында кесибин өркүндөткөн.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов
Глава ГКНБ Идрис Кадыркулов - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов — 1996-жылы Кырrыз мамлекеттик улуттук университетинен экономика жана башкарууну уюштуруу адистигин алып чыккан. 2015-жылы КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын мамлекеттик саясат жана башкаруу багытында бүтүргөн.

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловКоргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев
Председатель Госкомитета по делам обороны — Эрлис Тердикбаев - Sputnik Кыргызстан
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев — 1990-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын, ал эми 2004-жылы РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын, 2014-жылы РФ КК Башкы штабынын аскердик академиясын аяктаган.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун геологиялык каттоо, пайдалуу кен байлыктарды изилдөө жана чалгындоо адистиги, 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев
Председатель ГК информационных технологий и связи Бакыт Шаршембиев - Sputnik Кыргызстан
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев — 1998-жылы Кыргыз техникалык университетин инженер-конструктор адистиги боюнча бүтүргөн. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде экономика магистри даражасын алган.

Тизмеге транспорт жана жол министри тууралуу маалымат камтылбады, кызмат ушул чакта бош турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0