Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачлыш аземи. Архив
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачлыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жыл кыргыз спорту үчүн жемиштүү болду деп ооз толтуруп айта берүү туура деп ойлойм. Sputnik Кыргызстан жыл жыйынтыгын чыгарууда.

Кыргызстанда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен каттоодон өткөн 108 федерация бар. Каттоодон өтпөй өз алдынча мелдештерди өткөргөн спорттук уюмдардын да саны арбын. Ар биринин ийгилигин санап отуруу, албетте, машакаттуу иш. Анүстүнө арасында майда турнирлер болуп жатты. Биз кыргыз спортунда бурулуш жасаган ири мелдештердеги ийгиликтерди тизмектегенге аракет кылдык.

Куру кол кайтарган кышкы Олимпиада

Алгач ири мелдештердеги ийгиликтерге баам салсак. 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары өттү. Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган.

© REUTERS / Carlos BarriaКышкы Олимпиада оюндарында өлкө атынан лыжачы Тариэл Жаркымбаев катышып, алдыңкы орундарга ээ боло алган эмес
Кыргызстанский лыжник Тариэль Жаркымбаев - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Олимпиада оюндарында өлкө атынан лыжачы Тариэл Жаркымбаев катышып, алдыңкы орундарга ээ боло алган эмес

Жаркымбаев 13-февраль күнү таймашка чыгып, лыжа тебүү боюнча спринтердик жарышта 80 спортчунун ичинен 78-болуп келди.

© AFP / FABRICE COFFRINIКышкы Олимпидада Евгений Тимофеев да намыска жарай албады
Кыргызстан Евгений Тимофеев на зимних Олимпийских играх в Пхенчане - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Олимпидада Евгений Тимофеев да намыска жарай албады

Ал эми Тимофеев алгач 18-февралда күч сынашып, 109 лыжачынын ичинен 63-орунду ээледи. 22-февралда өткөн таймашта 68 атаандашын артка калтырып, 40 мыкты спортчунун катарынан орун алды. Ойлонто турчу маселе көп, ириде кышкы спортту өнүктүрүүнү колго алышыбыз керек.

11 жылдан кийин Бишкекте өткөн Азия чемпионаты

Негизи балбандар жыл жаңыргандан тарта маанилүү мелдешке даярданып башташкан. Күрөш боюнча Азия биринчилиги Бишкек шаарында 27-февралдан 4-мартка чейин өтүп, ага дүйнөнүн чар тарабынан келген балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча күч сынашты. Белгилей кетсек, Азия чемпионаты Бишкекте 2007-жылдан бери өткөрүлө элек болчу. Аталган мелдеште кыргыз балбандары жалпы эсеп менен 11 (2 алтын, 3 күмүш, 6 коло) медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөтөрүп чапкан ыкмалары менен таанылган балбан Акжол Махмудов чоңдор арасындагы Азия чемпиону болгонго жетишти
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Көтөрүп чапкан ыкмалары менен таанылган балбан Акжол Махмудов чоңдор арасындагы Азия чемпиону болгонго жетишти

Алтын байгени Акжол Махмудов (72 кг) менен Муслим Евлоев (74 кг) тагынып, жылдызы жанды.

© пресс-служба ГАМФКиСКолдон учкан алтын! Азия чемпионатынан Жоламан Шаршенбеков күмүш байгеге ээ болду
Чемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Колдон учкан алтын! Азия чемпионатынан Жоламан Шаршенбеков күмүш байгеге ээ болду

Жоламан Шаршенбеков (55 кг), Урмат Аматов (63 кг), Атабек Азисбеков (82 кг) — күмүшкө ээ болушту.

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан Каныбек Жолчубеков Азия чемпионатынан коло тагынган
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балбан Каныбек Жолчубеков Азия чемпионатынан коло тагынган

Азат Бейшебеков (87 кг), Мурат Рамонов (130 кг), Каныбек Жолчубеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло медаль тагынышты.

Спортчуларды жылдыз кылган Индонезиядагы Азия оюндары

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өттү. Кыргызстандын атынан 100дөй адам спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты. Натыйжада алар Кыргызстандын байге капчыгына 20 медаль алып келип берди. Анын экөө — алтын, алтоо — күмүш, 12си — коло.

© REUTERS / Issei KatoБыйыл Азия оюндарында жылдызы жанган жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу до 69 кг. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Азия оюндарында жылдызы жанган жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу

Алтын тагынгандар жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу менен жеңил атлетчи Дарья Маслова болду.

© REUTERS / Darren WhitesideАзия оюндарында биринчи жана экинчи орундарды алган жөө күлүк Дарья Маслова
Азиатские игры 2018. Женский марафон 10 км. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндарында биринчи жана экинчи орундарды алган жөө күлүк Дарья Маслова

Күмүш байгеге ээ болгон балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов, жиу-житсудан Нурсултан Алымкулов, жеңил атлетикадан Дарья Маслова (5000 метр) ээ болду. 

© REUTERS / Issei KatoАзия оюндарында Айсулуу күмүш алган, бирок кийинчерээк атаандашынын канынан тыюу салынган зат табылганы үчүн анын алтын медалын артка кайтаруу каралууда
Азиатские игры 2018. Женская борьба до 62 кг. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндарында Айсулуу күмүш алган, бирок кийинчерээк атаандашынын канынан тыюу салынган зат табылганы үчүн анын алтын медалын артка кайтаруу каралууда

Коло медалды балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, оор атлетикадан Иззат Артыков, жиу-житсудан ага-инилер Муртазали Муртазалиев менен Абдурахманхаджи Муртазалиев, пенчак силаттан Жолдошбек Акимканов менен Данияр Токуров, дзюдодон Артур Те менен Владимир Золоев, бокстан жалгыз Азат Усеналиев тагынды.

Ошондой эле курама команда самбо, ушу-саньда, каноэ менен байдаркада сүзүү, жаа атуу, өзбек күрөшү, көркөм жана спорттук гимнастика, карате, велоспорт, футбол, волейбол, фехтование, үстөлдөгү теннис, ат спорту, ок атуу, баскетбол, сууда сүзүү, таэквондо сыяктуу спорттун түрлөрүнөн байгесиз кайтты.

Эл-жерди даңазалаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл-жерди даңазалаган мелдештердин сап башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары турду
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Эл-жерди даңазалаган мелдештердин сап башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары турду

ДКО 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өттү. Иш-чаранын программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар болчу. Уюштуруучулар 103 өлкөгө чакыруу жиберген, бирок 82 өлкөдөн (Россиянын 12 субъектиси) 1976 спортчу катышты. Натыйжада кыргызстандык спортчулар 103 медалга ээ болду. Анын 40ы — алтын, 32си — күмүш, 31и — коло болду. Көчмөндөрдүн негизги оюну болуп эсептелген көк бөрү мелдешинде Кыргызстандын командасы намысты алдырган жок.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары эми 2020-жылы Түркияда өтө турган болду.

Жылдызы жанган балбандар Жоламан менен Эрболдун ийгилиги

© Фото / предоставлено Жоламаном ШаршенбековымЖоламан Шаршенбеков 12 жылдан кийин тарыхты кайталап чоңдор арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге тагынды
Кыргызстанский борец греко-римского стиля, серебряный призер чемпионата мира среди взрослых в Будапеште Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
Жоламан Шаршенбеков 12 жылдан кийин тарыхты кайталап чоңдор арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге тагынды

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге утту. Белгилей кетсек, 19 жаштагы Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргыз балбаны. 2006-жылы Канатбек Бегалиев финалга чыгып, бирок жеңиш атаандашына буюргандыктан күмүш байгеге ээ болгон.

© Фото / Facebook / United World WrestlingБалбан Эрбол Бакиров грек-рим күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпиону аталды
Борец греко-римского стиля Эрбол Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Балбан Эрбол Бакиров грек-рим күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпиону аталды

Ошондой эле 18-сентябрда Словакияда Трнава шаарында өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын медаль утту. Аны депутаттын уулу экендигин көбү биле бербесе керек.

Жаштарды жалындаткан III жаштар олимпиадалык оюндары

Октябрдын башында Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында III жаштар олимпиадалык оюндары өттү. Анда Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча ат салышып, 2 күмүш, 1 коло медаль утушту. Натыйжада Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 67-орунга илинди.

© Фото / Евгений ПетрашовАргентинада өткөн III жаштар олимпиадалык оюндарында суучул Денис Петрашов күмүш байге уткан
III молодежная олимпиада в Аргентине - Sputnik Кыргызстан
Аргентинада өткөн III жаштар олимпиадалык оюндарында суучул Денис Петрашов күмүш байге уткан

Сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов менен грек-рим күрөшүнөн Элмирбек Садыров күмүш байге уткан. Ошондой эле шпага менен жеке таймашта Хасан Баудунов фехтование боюнча коло байгеге татыктуу болгон.

Ал эми дзюдо боюнча Султан Жеңишбеков, фехтования боюнча Хасан Баудунов аралаш командалар ортосундагы мелдештерге катышып, аларга ыйгарылган күмүш жана коло медалдар өлкөнүн байге куржунуна салынган эмес.

Волейбол менен футбол өз жолунда

Акыркы жылдары волейболчулар чет мамлекеттин клубдарында ойной баштады. Аймактарда жаш куракка жараша лигалар ачылды. Келерки жылы курама команданын Азия чемпионатына, Борбордук Азия чемпионатына жана Борбордук Азия чемпионатына катышары күтүлүүдө.

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыркы жылдары волейболчулар чет мамлекеттин клубдарында ойной баштады. Аймактарда жаш куракка жараша лигалар ачылды
Мужская сборная Кыргызстана по волейболу - Sputnik Кыргызстан
Акыркы жылдары волейболчулар чет мамлекеттин клубдарында ойной баштады. Аймактарда жаш куракка жараша лигалар ачылды

Ал эми футболчулар 2019-жылы алгачкы ирет Азия кубогуна катышат. Мелдеш 5-январдан тарта 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Учурда курама команда кызуу даярданып жаткан маалы.

© Фото / пресс-служба ФФКРФутболчулар 2019-жылы алгачкы ирет Азия кубогуна катышат
Национальная сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Футболчулар 2019-жылы алгачкы ирет Азия кубогуна катышат

Быйыл алдыга озуп чыккан футболчулардын бири Бишкекте төрөлүп, Россияда жашаган Илзат Ахметов болду. Ахметов 21 жашта, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашында негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген. Быйыл жайында Москванын ЦСКА клубуна өткөн болчу.

Кыргызстанды алыста даңктаган Валентина Шевченко

© REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY SportsКыргызстандык спортчу Валентина Шевченко беделдүү делген UFC уюмунун курун тагынды
Боец UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко беделдүү делген UFC уюмунун курун тагынды

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон. Спортчу 8-декабрда польшалык атаандашы Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталды. Кармаш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү.

ММА спорту ылдам өрүш алууда

Дагы бир жагымдуу кабарлардын бири кыргызстандык WEF (Кулатуу эр таймаш. — ред.) федерациясы эл аралык MMA-ORACLE сайтынын версиясы боюнча дүйнөлүк спорттук уюмдардын мыкты 50сүнө кирип, 37-орунга ээ болгон. Быйыл WEF көрүүчүлөргө эң мыкты беттештерди тартуулай алды. Мисалга кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун, Канат Келдибеков менен тажикстандык Фаридин Шомуратовдун, Барчынай Узгенбаева менен өзбекстандык Халида Собированын кармашын алууга болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер Тилек Жээнбеков WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону аталган
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Тилек Жээнбеков WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону аталган

Ошондой эле дүйнөлүк ММА лигаларында ийгилик жараткан мушкерлерибиз арбын. Катарда M-1 уюмунда күч сынашкан Бусурманкул Абдубаит уулу, чеченстандык Ахмат лигасында келишим түзгөн Канат Келдибеков, Berkut Young Eagles лигасында күч сынашкан Кубаныч Абдисалам уулу жана башкалар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0