Кышкы Олимпиадага экинчи ирет катышып жаткан Евгений Тимофеев тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастник зимних Олимпийских игр в Южной Корее горнолыжник Евгений Тимофеев
Участник зимних Олимпийских игр в Южной Корее горнолыжник Евгений Тимофеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 18-февралда, Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын тоо лыжа жарышында кыргызстандык Евгений Тимофеев күч сынашат.

Мындан төрт жыл мурда Сочи Олимпиадасына кокустан катышып калган 23 жаштагы спорт чебери 22-февралда да таймашары күтүлүп жатат. Келечегинен үмүткөр кылган спортчунун даярдыгы, спорттон тышкаркы жашоосу, максаты тууралуу баяндамачы Кабыл Макешов айтып берет.

1. Евгений Тимофеев 1994-жылы 16-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 13 жашынан бери тоо лыжасы менен машыгат. Бул спортко атасы кызыктырып, шыктандырган. Кышкы спорттун сырларын, ыкмаларын үйрөткөн устаты — Кыргызстандын тоо лыжа спорт федерациясынын президенти Игорь Борисов.

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвгений Тимофеев кесиби боюнча лингвист. Англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт
Участник зимних Олимпийских игр в Южной Корее горнолыжник Евгений Тимофеев с тренером - Sputnik Кыргызстан
Евгений Тимофеев кесиби боюнча лингвист. Англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт

2. Буюрган Олимпиада. 2014-жылы Сочи Олимпиадасына Тимофеев кокустан катышып калган. Себеби Сочиде олимпиадалык мелдештердин алдындагы 12-февралдагы машыгууларда Дмитрий Трелевский жаракат алып, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин суранычы менен анын ордуна 19 жаштагы Евгенийди жөнөтүүгө Эл аралык олимпиада комитети макул болгон. Жаш болсо дагы үч күн даярданып, чоң слаломдо 109 катышуучудан 61, ал эми слаломдо 115 катышуучудан 41-орунга илинип, марага эсен соо жетип, кубандырган.

Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
"Күмүш бала", баатыр ата Канат Бегалиев 34 жашта! Балбан тууралуу 7 факты
3. Билими. Тимофеев Дмитрий Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык "Военмех" университетинин Бишкектеги филиалын жана Борис Ельцин атындагы эл аралык кыргыз-орус славян университетин бүткөн. Кесиби — лингвист. Англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.

4. Жетишкендиги. 2013-жылдан бери тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү. 2014-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында 4-орунга илинген. 2017-жылы февралда Япониянын Саппоро шаарында өткөн кышкы Азия оюндарында каталык кетирип алып, 8-орун менен чектелген. 2017-жылы Алматыда өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы уиверсиадасына катышкан. 2017-жылы декабрда Түркияда өткөн эл аралык мелдеште үчүнчү орунду ээлеген. Тоо лыжа спорту боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону. Эл аралык турнирлердин катышуучусу.

© Sputnik / Табылды КадырбековТимофеев: Кыргызстандын жаратылышы кышкы спортко абдан ыңгайлуу. Мамлекеттик деңгээде көңүл бөлүнсө, машыгууга толук шарт бар
Участник зимних Олимпийских игр в Южной Корее горнолыжник Евгений Тимофеев - Sputnik Кыргызстан
Тимофеев: Кыргызстандын жаратылышы кышкы спортко абдан ыңгайлуу. Мамлекеттик деңгээде көңүл бөлүнсө, машыгууга толук шарт бар

5. Олимпиадага даярдануу үчүн Караколдо, Чүй облусунун базаларынын биринде машыгап, бир нече жолу Австрияда жана Швейцарияда дагы даярдык көргөн.

Мария Кульчунова - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова 60 жашта. Спортчу тууралуу 7 факты
6. Кышында бош учурунда тоо лыжасы боюнча машыктыруучу-инструктордун кызматын аркалап, кыргызстандыктарга жана чет өлкөлүктөргө тоодон тик ылдайы лыжа тепкенди үйрөтүп, сабак берет. "Кыргызстандын жаратылышы кышкы спортко абдан ыңгайлуу. Мамлекеттик деңгээде көңүл бөлүнсө, машыгууга толук шарт бар" дейт Евгений.

7. Тоо лыжа спортунан тышкары 2015-жылдан бери вейкбординг тебүү менен машыгып, мелдештерге катышып жүрөт. КР чемпионатында күмүш байге алган. Альпинизмге да кызыгып, аска-зоого чыгууну хобби кылып жүрөт. Мындан сырткары, батут менен секирүүгө кызыгып, келечекте өзүн чыныгы дрифтте сынагысы келет.

Кыргызстандын намысын алыскы Түштүк Кореяда дагы бир спортчу Тариэл Жаркымбаев да коргоп жатат. Олимпиаданын ачылыш салтанатында кыргыз туусун көтөрүп чыгуу шыбагасы да дал ушул спортчуга тийген.

Жаңылыктар түрмөгү
0