Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров дүйнө чемпиону болду

© Фото / United World WrestlingЧемпионат мира среди юниоров 2018 в Трнаве
Чемпионат мира среди юниоров 2018 в Трнаве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашты.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Словакияда Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын медаль утту. 

Сальто жасап, маңдайы жарыла сүйүнүп. Дүйнө чемпиону Бакировдун финалдагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сальто жасап, маңдайы жарыла сүйүнүп. Дүйнө чемпиону Бакировдун финалдагы видеосу
Кыргызстандан барган балбан 63 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынап, финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашты. Алгач бир упай артыкчылык менен Египеттин балбаны алдыда бара жаткан. Ошол ыргак менен дагы ыкма жасай коем дегенде Бакиров аны далыга басып койгон. Натыйжада күрөштүн биринчи бөлүгү соңуна чыкпай жатып, кыргызстандык болбан таза жеңиш менен алтын алды. 

Ал буга чейин америкалык Алстон Жон Нуттерди, армениялык Грачья Погосян жана Россиядан барган Азамат Каировду утуп финалга чыккан болчу. Аларды да таза жеңиш жана упай эсебиндеги чоң айырмачылык менен жеңип алган. 

Баса, Эрбол Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты Максат Эгембердиевдин уулу. Спортчу тууралуу мындан башка кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0