Дагы бир медаль! Айпери Медет кызы коло утту. Сүрөт

© REUTERS / Issei KatoАзиатские игры 2018. Женская борьба до 76 кг. Борьба за третье месте
Азиатские игры 2018. Женская борьба до 76 кг. Борьба за третье месте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу финалда монголиялык Насанбурма Очирбат менен күч сынашты.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

© REUTERS / Issei KatoЖакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду.
Жакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду.
© REUTERS / Issei KatoУшуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды.
Ушуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ушуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды.
1/2
Жакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду.
2/2
Ушуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды.

Ал 76 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Медет кызы жарым финалда япониялык Хирое Минагавага 2:1 эсебинде утулуп калган. Ал атаандашы финалга чыккандыктан коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган. Бул беттеште монголиялык Насанбурма Очирбат менен кармашып 4:2 эсеби менен жеңишке жетти.

Ушуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды. Буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло, Айсулуу Тыныбекова күмүш, эркин күрөштөн Магомед Мусаев күмүш медаль уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0