Календарды карап алып эмнеге 25-февраль, 8-апрель, 2-сентябрь жана 6-май жумуш күнү болуп калды деген суроо жаралышы мүмкүн. Аны мындайча түшүндүрөбүз: андагы дем алыш күндөр 2-3-4-январга жана 10-майга жылдырылган.
Өкмөт кыргызстандыктар 1-7-январь күндөрү жана 9-12-май күндөрү катары менен эс алышы үчүн ушундай чечимге келген.
Өкмөттүн токтому өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Андыктан жаңылыктарга көз жүгүртүп туруңуз.