Нарсулуу Гургубаева: Айтматов маңкуртту бекер убара болуп жазгандай сезилип кетет

© Фото / Толукбек БайзакАкын Нарсулуу Гургубаева
Акын Нарсулуу Гургубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын Нарсулуу Гургубаева ырды өтө аз, сейрек жазарын айтып жүрөт. Анткен менен чыгармалары поэзия сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап кетти. Анын "Көз мончок", "Алыстагы ак жарык" аттуу эки ыр жыйнагы окурмандары менен сынчылардын татыктуу баасын алган.

Нарсулуу Гургубаева 1979-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Коңурат айылында туулуп өскөн. 1996-жылы Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатын аяктаган. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2009-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Акын Кожогелди Култегиндин поэзия классынын угуучусу. Учурда Москва шаарында жашап эмгектенет.

Акын менен Sputnik Кыргызстан агенттиги кенен баарлашып, кызыктуу маек курду.

— Нарсулуу, ырларыңызды окуган адамга "жашап болбос калаада кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз жашап аткан" мигранттардын турмушун сизден артык эч ким билбегендей таасир калтырат экен. Москвада ушул тапта жашоо кандай?

Всесоюзная фотовыставка Фотообъектив и жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
— Жаман десем дагы, жакшы десем дагы жалган айткан болом. Анткени эл ушул шаарда жашап-иштеп, бала багып, бүлө багып, өлкөгө, бийликке жүгүн артпаганга аракет кылып келет. Ошондуктан бул шаардагы жашоону жаман дешке акым жок. Бирок ошол эле учурда бөтөн эл, бөтөн жерде жакындарыбыздан, ата-энебизден алыс жашап жатканыбыздын өзү эле оор, чоң сыноо. Мигранттардын агымы азая элек. Демек, өзгөрүү аз. Ошондуктан бул суроого "Москвада жашоо жакшы" деген жооп да жарашпайт. Менимче, ушул тапта Москвада жашоо орто эле, чыдаса болот. 

— Ата Журт темасын Алыкул Осмонов менен Курбаналы Сабыровдон башка акындар ачып бере албагандай туюлчу мага. Эми үчүнчү акынды тапкандаймын. Мекен тууралуу ырыңыздагы "Сен аман бол себеби жок кырсыктан, бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү" деген саптарды окуп көзүмө жаш тегеренди. Чын эле биз, адам баласы, Ата Журтубуздун баркын алыс кетмейинче билбейбизби?

— Пикириңиз үчүн чоң ыракмат! Сиз айткан эки улуу акын Ата Журттан чыкпай, кетпей жашап жүрүп эле Ата Журт менен тең ооруп, тең айыккан, Ата Журттун тамырын кармай алган жакшынакай ырларды жазды. Демек, Ата Журтту өз жериңде жашап туруп деле сүйсө, кадырласа, баркына жетсе, туусун көтөрсө болот. Бул нерсе ар бир адамдын өз табиятына, дээрине, көргөн тарбиясына жараша го деп ойлойм. Мен деги эле улуу темаларга тиш салгандан, улуу инсандарга, улуу баалуулуктарга (мисалы, ата-энеге, Айтматовго, "Манас" эпосуна, Ысык-Көлгө) арнап ыр жазгандан корком. Мекенге, туулган жерге ыр арнаардан мурда "жазган сабым, жазган ырым Мекендин бир арыгына, бир чаң көчөсүнө татыйбы, Мекенимди бүжүрөйтүп, кичирейтип албаймынбы" деп ойлоно берем. Ата Журттун ажарын Алыкул Осмоновдой, Курбаналы Сабыровдой, башка улуу акындардай ачып бере аларыма көзүм жетпейт. Ошондон уламбы, менде Ата Журт тууралуу ыр аз, жокко эсе. Менимче, өз журтунан алыс жүргөн бардык эле адамдарга Ата Журттун оорусу өтүшүп кеткендей болуп, кемтиги оркоюп көрүнүп, жакшылыгы жарык, багыт берип, ийгилиги алдастап турганда тирөөч, таяныч эмеспи. Бул ыр ошондой бир учурларда менин араң-араң батынып жазган Мекениме болгон сагынычым, арноом, каалоо-тилегим болчу. Мен такай өз өлкөмдө жашасам кандай болот эле, кандай ырларды жазат элем, так айта албайм. Анткени мен өлкөдөн Мекендин кадырын билип-билбеген, түшүнүп-түшүнбөгөн курагымда чыгып кеткем. Мекендин кадырын, баркын көбүрөөк бөтөн жерде жүрүп, сезип тааныганым чын.

© Фото / Толукбек БайзакАкын Нарсулуу Гургубаева
Акын Нарсулуу Гургубаева - Sputnik Кыргызстан
Акын Нарсулуу Гургубаева

— "Алыстагы ак жарыкты" барактаган окурманыңыз андан "сүйдүм, күйдүм" деп жалындаган махабат саптарын кездештирбесе да эң таза, ыйык сезимди автор жүрөгүндө аздектеп күтөрүн купуя сезет. Минтип кыйытып берүүгө ар бир акындын тили жетпес…

— Тилимдин, дараметимдин жеткенинче айтканым, айта алганым ушул болду. Кээде ырларымды карап туруп "мындан жакшы, мындан сапаттуу, мындан да так айтсам болмок" деп көп өкүнөм. А кыйытканым тууралуу… "Кыйытып" деп сиз гана айтып жатасыз, бирок мен өзүм кыйытканымды байкабайт экенмин. Негизи мен кээ бир ырларымда өзүмдү док кылып жаткандай, болгондо да түз эле Кудайга док артып аткандай сезип кеткен жерим бар…

— Ырас, ырларыңыздын дээрлик баарынан ташка тамга баскандай таасындык байкалат. Ал эми Кудайга ар ким эле догуруна албайт эмеспи. Анүчүн адам өзүнүн керт башынын эркиндигин сезе билген сергек болушу керек деп ойлойм. Кандай дейсиз, бул өткүрлүккө акындын балалыгы, ата-энеден алган тарбиясы, чөйрөсү, балким тагдыры таасир этер? Салтты бузбай эле кеп төркүнүн мына ушулардан баштасак болмок экен…

Окурмандарга сунушталган кыргыз тилиндеги сегиз мыкты китеп - Sputnik Кыргызстан
Окурмандарга сунушталган кыргыз тилиндеги сегиз мыкты китеп
— Бала кезимде ашыкча шок элем. Оюнкараак дагы болчумун. Кара-Сууда туулуп-өскөндөрдүн баары эле билсе керек, карасуулуктардын балалыгы көбүнчө талаа иштерине байланат. Азыр кандай билбейм, бирок менин балалыгымда пахта, тамеки аябай көп эгилчү. Апам пахта алганда эле үч гектардан кем алчу эмес. Пахтаны убагында чаап карап, колхозго тапшырыш керек, а менин ойногум келип качып кетчүмүн, ошондон улам көбүрөөк таяк жеп, көбүрөөк сөз уктум. Ойногондо дагы жөн ойнобой, бирөөнүн багына уурулукка кирип, бирөө менен мушташа кетип, бирөөнүн бир нерсесин талкалап… Артымдан арызданып келгендер көп боло турган. Таяк жеп калсам, мага болушуп атам бирөөлөрдүн үйүнө көп барчу. Ал мени аябай мактап, болушуп, өзүмө ишенишим керектигин сездирип чоңойтту, апам тескерисинче сындап… Өзүмө көбүрөөк сын көз менен караганым, өзүмө-өзүм ишенмейин бир ишти баштабаганым, бир нерсени жасабаганым ушундан болуш керек. Ызы-чуусу көп бала элем. Бир айылды, бир мектептин мугалимдерин тажатканым чын (күлүп). Бирок китепти көп окучумун, шоктонтпой ордумда кармоого китептин гана күчү жетчү. Китептерди тандабай, ылгабай эле окуй берчүмүн. Кээде жумуш көп убактарда түнкүсүн жашырынып китеп окуп, эртеси талаага келгенде пахтанын арасына жатып уктап калар элем. Эжем байкуш пахтаны менин ордума дагы чапчу…

Жеңилгенди жаман көрчүмүн, такыр жеңилгим келчү эмес. Сабактанбы, оюнданбы, мушташтанбы, айырмасы жок, иши кылып мен гана жеңишим керек деп жүрүп чоңойдум. Менин күчүм жетпей калган жерде атам экөөлөп барып, жеңип келчүбүз (күлүп). Жеңилгенди үйрөнгөнгө чейин, кайсы учурда жеңилүү керектигин, жашоо жалаң жеңиштен гана турбасын түшүнгөнгө чейин ушул мүнөзүм өзүмө аябай тоскоолдук жаратты, көп жүдөдүм. Адам өзүнө гана жеңилип, өзүн гана жеңээрин кийин түшүндүм.

Өткүрлүк боюнча… Өзүмдү өткүрмүн деп деле эсептебейм. Тартынчаакмын, айрыкча көпчүлүктүн алдында тартына берем. Бат эле жүдөп кетем. Бирок адамдарга караганда Кудайдын алдында өзүмдү эркинирээк сезээрим чын… Адамга сөз кезеги келгенде шак айта койбой, төбөмө чыгарып алмай адатым бар. Кажып атса деле, тээп көрүп атса деле көпкө чейин тиктеп отура берем. Адам деген адам да, менин ушундай мамилеме, кээде үндөбөй жүрө бергениме көнүп алат да, "ушинтсем боло берет тура, бул байкабайт тура" деген деңгээлге жетип кетет. А Кудайга ыраазычылыгымды дагы, нараазычылыгымды дагы дароо айтып жибермейим бар. Кудай мени чөп кылып жараткан эмес, маймыл, кумурска, жылан дагы эмес, АДАМ кылып жараткан, демек Кудайга менин адам болгонум, өзүмдүн алдымда өзүм чынчыл, түз болгонум көбүрөөк керек деп ойлойм. Негедир мени Кудай түшүнөрүнө, ойлорумдун баарын окуп, көрүп турганына терең ишенем. Ырда жалган айта албаганым, Кудайга тартынбай догурунуп калганым, анан ар дүйшөмбү күнү "мен бүгүндөн тартып жакшы адам болом, өзгөрөм" деп баштаганым ошондон болсо керек. Негизи эле адамдардын алдында жакшы, уяттуу болуп көрүнүү оңой, Кудайдын алдында андай болуп көрүнүү өтө кыйын, бирок кызыктуу. 

© Фото / Айсулуу КокоеваАкын Нарсулуу Гургубаева: менин асанкайгылык жайым бар. Facebook баракчасынан жаман ыр көрүп калсам деле кечке кейий берем. Кырдаалга жараша оюм, кыжаалатым алмаша берет, кээде өзүм деле таппай калам оюмдун башын.
Акын Нарсулуу Гургубаева - Sputnik Кыргызстан
Акын Нарсулуу Гургубаева: менин асанкайгылык жайым бар. Facebook баракчасынан жаман ыр көрүп калсам деле кечке кейий берем. Кырдаалга жараша оюм, кыжаалатым алмаша берет, кээде өзүм деле таппай калам оюмдун башын.

— Аз, бирок саз ырларыңыздын ар бир сабы өзүнчө бир тагдыр, ар бир сөзү өрт экен. Муну "Жүк-200" деген чыгармаңызга айрыкча таасирленип айтып жаткандагым. Атуулдук позицияңызды башка ырлардан да байкоого болот. Алыста туруп акындын жүрөгүн дагы кандай көйгөйлөр өйүтөт?

— Менин асанкайгылык жайым бар. Facebook баракчасынан жаман ыр көрүп калсам деле кечке кейий берем. Кырдаалга жараша оюм, кыжаалатым алмаша берет, кээде өзүм деле таппай калам оюмдун башын. Ойлорум дагы өзүмдөй башаламан, чакчелекей… Алыс жакта жүргөндөр негизи айыл тууралуу маалыматты апаларыбыздан, өлкө тууралуу, андагы кырдаал жөнүндөгү маалыматты социалдык баракчалардан алабыз. Соцтармактан байкашымча, акыркы убакта баракчалар аркылуу жардам сурап кайрылган оорулуулар, айрыкча рак дартына, башка оор илдеттерге чалдыккандар аябай көп. Ошондой оорулуулар көбүнчө көйгөйлөрүн өзү чечет, же жакындары, же эл чечет. Көбүнчө элдин жардамы менен дарыланышат. Мамлекет кийлигишкен, мамлекет жардам берген учурлар өтө аз. Айлыгы 10 миңдин тегерегиндеги дарыгер, чатырынан суу тамган оорукананын имараты гана "мамлекеттик" деп аталганы болбосо, медицинанын абалы мышык ыйлагыдай. Ал эми жашоо сапатыбыздын биринчи көрсөткүчү — медицина, медицинанын абалы. Аянычтуу көрүнүш…

Писатель Данияр Исанов - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Данияр Исановдун айылга каты. Санаа мени саргайтса, сагыныч мени жашартат
Мындан сырткары, жол кырсыгы тууралуу жаңылыктар аябай көп, күндө, күн алыс жүрөк үшүн алган сүрөттөр илинет, бирок жол кырсыктары азая элек. Адамдардын өзүнүн өмүрүнө да, бирөөлөрдүн өмүрүнө да жоопкерчиликсиз мамиле кылганы кала элек. Жолдорубуз начар, аны курган, курдурган кишилерибиз андан да начар… Анысы аз келгенсип, адамдарды ойлонто койчу, жоопкерчилигин ойгото койчу мыйзам кабыл алына элек, кабыл алынса дагы ишке аша элек.

Анан оштук-төштүк, аркалык-пастык болуп бөлүнө бергенибиз, "биз кыргызстандыкпыз" деген түшүнүктү аң-сезимибизге сиңире албаганыбыз, адамдар "туура", "туура эмес" болуп бөлүнгөнүбүз, адамдан биринчи АДАМДЫ көрө албаганыбыз, өзүбүзгө окшобогондордун баарын "туура эместер" катары кабылдаганга көнүп баратканыбыз, өз чындыгыбыз менен бирөөнүн чындыгын ажырата албаганыбыз бар. Баарыбыз эле майда-майда топтордун, майда-майда ойлордун, майда-майда кызыкчылыктардын жактоочулары болуп баратабыз. Дүйнөнү бүтүн көрө алган, дүйнөнү бүтүн бойдон кабылдаган, дүйнөсү бүтүн адамдар аз. Үй-бүлө ичиндеги зомбулук күчөп баратат. "Адал эмгек", "адал эмгек менен бала багуу" деген түшүнүк тарып баратат. Бирөөлөрдүн баласын уурдап сатып, өз балдарын баккан адамдар бар экенин көрдүк…

Анан ушул кезге чейин "Мен өз өлкөмө эч кимди көз арттырбайм, жарандарына эч кимди тийиштирбейм, менин өлкөмдүн улуу баалуулуктарын эч ким кемсинтип басынтпашы керек, мен өлкөмдү күчтүү мамлекетке айлантам" деген Журт атасы чыга элек. Бир үйгө "ата" болууга араң жараган, сөзү менен иши дал келбеген адамдар эл атасы отурчу кызматтарда отурат. Дүйнө нанотехнология, Марска конуу тууралуу сөз кылып жаткан кезде биздин элдин ичинде экинчи аял алуу-албоо маселеси олуттуу талкууланууда. Бир бурчтан чыкпай, чыга албай отуруп, дүйнө тааныган Айтматовго асылган адамдар бар, кыргыз болуп туруп "Манас — жомок", "Нооруз — арам" деген сөздөрдү уктук. Кейий берсең, ой да, сөз да көп. Чакчелекейбиз… Бирин-бири уккан киши жок.

Укпаган, уктура албаган, угуза айта албагандардын, кыйратпагандардын бири — мен өзүм… Кээде мага Айтматов маңкуртту биз үчүн бекер убара болуп жазгандай сезилип кетет…

— Өзүн таппай ар кимди туураган акындардан айырмаланып өз үнүн, өз стилин табуу үчүн талант-шык, дараметтен башка дагы эмне керек?

Калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Меңди Мамазаированын айылга каты. Пушкиндин кыргыз эмес экенин укканда кайгырып...
— Көбүрөөк окуп, изденүү керек, эң башкысы — окуган нерседен туура жыйынтык чыгара билүү керек. Тапталып калган жолдо чуркоо оңой. Бирок тапталган жолдо көпчүлүк менен чуркайсың, ал жолдо сенден башка, сендей эле чуркагандар толтура. Озсоң баланчадан же түкүнчөдөн озушуң мүмкүн, баланчадан же түкүнчөдөн жакшыраак болушуң мүмкүн, бирок марага биринчи келишиң күмөн, марага биринчи келген күндө деле жол сеники эмес. Баары бир бирөөнүн жолу… Бирөөнүн таасири оркоюп көрүнгөн, бирөөнүн саптары оңдолуп, жулмаланып жазылган ырларыбыз ансыз деле толтура. Окуса тааныш-досторубуз, туугандарыбыз окуйт, жактырса ошолор гана жактырат, мактаса ошол тууган-таанышыбыз гана мактайт. Бирок мунун баары утурумдук, убактылуу, мындай утурумдук мактоого алдангандар учурда аябай көппүз. Менимче, адам ката болсо да дүйнөгө сөзүн өз үнү менен айтууга аракет кылганы, чалынып-жыгылса да, чабылып-чарпылса да өз алдынча, өзүнүн жолу менен чуркаганы оң. Көч бара-бара түзөлгөндөй, катасы оңдолот, жол тапталат, кеңейет. Өзүнүн жолу менен кеткен адамда өзүнөн башка атаандашы болбойт, бирок адамдын эң алсыз дагы, эң күчтүү атаандашы дагы — өзү. Анткени адам дээринде бар нерсени көрсөтөт, жүрөгүндө бар нерсени элге алып чыгат, өз башынан бийик секириши кыйын, өзүнө-өзү алсыз атаандаш экендиги да ушунда. Бирок ошол эле учурда кечээгиден бүгүн жакшы болуунун өзү кыйын. Кечээгиден бүгүн жакшы жыйынтык берүү, кечээгиден бүгүн жакшы ыр жазуунун өзү кыйын, демек, адамдын эң күчтүү атаандашы да — биринчи өзү. Өзү болушу керек! Менимче, бул нерсе адамдын максатына, өзүнө койгон талабына жараша жыйынтык берет. 
© Фото / Толукбек БайзакАкын Нарсулуу Гургубаева: билбейм, канымда болсо керек. Жолдо жүргөндү, тентигенди, жер көргөндү, бейтааныш адамдар менен сүйлөшкөндү, бөтөн жердин, бөтөн элдин маданиятын, жашоо шартын, салт-наркын көргөндү жактырган жайым бар.
Акын Нарсулуу Гургубаева - Sputnik Кыргызстан
Акын Нарсулуу Гургубаева: билбейм, канымда болсо керек. Жолдо жүргөндү, тентигенди, жер көргөндү, бейтааныш адамдар менен сүйлөшкөндү, бөтөн жердин, бөтөн элдин маданиятын, жашоо шартын, салт-наркын көргөндү жактырган жайым бар.

— Жол демекчи, ырларыңызда кездешкен "жарык", "жол" концептин сынчылар таамай ачып бергендей… Жолдун касиетине кандайча арбалып калдыңыз?

Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов - Sputnik Кыргызстан
Абдыкерим Муратовдун айылга каты. Энемдин балкондогу таберик сандыгы
— Билбейм, канымда болсо керек. Жолдо жүргөндү, тентигенди, жер көргөндү, бейтааныш адамдар менен сүйлөшкөндү, бөтөн жердин, бөтөн элдин маданиятын, жашоо шартын, салт-наркын көргөндү жактырган жайым бар. Деңизди аябай жакшы көрөм. Анын үстүнө баары бир өз үйүмдө жашабагандан кийин биротоло эле үйдө жашабагандай жашайын деп чечкем. Көп тентийм. Мен үчүн өз үйүндө, өз өлкөсүндө жашабаган адамдын баары эле жолдогу адам. Бөтөн жерде жашаган адамдын бир батирден экинчи батирге көчкөнү, бир жумуштан экинчи жумуш алмаштырганы, жада калса, адашканы, жыгылганы, жалгыздыгы деле — жол… Жыгылганда жанында жакыны жок экени, жөлөксүз, колдоосуз калганы же жолунан кездешкен бирөө-жарымдын аны жөлөп-таяп, аяп калганы деле — жол. Ошондон уламбы, менин ырларымда "жол" деген сөз көп кездешет экен. Ачык айтсам, мен ар бир ырда жол тууралуу жазып жатканымы билчүмүн, бирок эч жалпылаштырып карап көрбөптүрмүн. Сынчы Гүлзада Станалиева эженин макаласынан кийин байкадым. Менин жүрөгүмдөгү, өмүрүмдөгү жолдорду мага, элге жеткиликтүү талдап түшүндүрүп бергени үчүн эжеге терең ыраазычылык.

— Бактылуу болуш үчүн чын эле бакыттын эмне экенин билбеген оңбу?..

— Так жообум жок ушул суроого. Адамдын жашоосунда өтө жарык жанган кези, анан ошол кездин жарык экени, тунук экени кээде кыйла убакыт өткөндөн кийин байкалган учурлар болот. Өтүп кеткенден кийин байкалганы үчүн жагымдуу дагы, даамдуу дагы, башкача дагы сезиле берет. А ыр деген бул жүрөктүн, эмоциянын иши. Ыр бир эле учурдун, бир эле учурдагы менин абалымдын атынан гана сүйлөйт. Ката болсо дагы, чала болсо дагы менин кайсы бир кырдаалдагы оюм, менин ошол кырдаалга берген баам, кайсы бир учурдагы дүйнөгө болгон таарынычым, сагынычым, сүйүүм… А сиз айткан ыр ушундай бир учурда, артка өкүнүч менен кылчайган кезимде жазылса керек. Негизи эле адам дайыма туруктуу бактылуу болушу күмөн. Жашоо өзү өйдө-төмөнү, ак-карасы менен кызыктуу, кайсы бир учурда бактылуусуң, кайсы бир учурда жок. Кайсы бир нерсе, кайсы бир адам сени бактылуу кылат, а кээ бир учур, кээ бир адам сени бактысыз кылат, бирок ошол бактылуу кезиң дагы, бактысыз кезиң дагы бири-бирине окшошпойт. Деги эле менин байкаганым боюнча бир бакытты экинчи бакыт кайталабайт, кайталай албайт. Бул ыр ошол кайталанбай калган, кайра келбей калган, кийин келген бакыттардан айырмаланып жашоомдо, жүрөгүмдө жарык жанып калган бакыт тууралуу.

— Окурмандарыңыздын бири сизге "бул дүйнөнү жаралуу кийиктин көзү менен караган акын" деп баа бериптир…

Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Нуржигит Кадырбековдун айылга каты. Нанга жетпей томсоргон күндөр, үнү каткан Батма эже
— Акындын, дегеле жазмакердин эң чоң сыйлыгы — окурманы. Менимче, мындан чоң сыйлык болбойт. Ошондуктан окурмандарымды терең сыйлайм, сиз айткан пикирди билдирген окурманга өзгөчө ыраазычылык билдирем! "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей, мен үчүн ар бир окурмандын пикири, сыны, берген баасы дайым эле туура, анан маанилүү. Бирок ушул жерде бир аз актана кетчү нерсе бар. Мен ырды аз, сейрек жазам, атайын ыр жазайын деп отура калып жазганым эсимде жок. Ырды буулугуп, булкунуп, окурмандар айтмакчы, "жаралуу кийик" болуп калганымда, башымдагы ой бышып жетилгенде гана жазып коем. Башка учурларда дүйнөгө элдей эле карап, элдей эле жашайм. Дүйнөгө такай "жаралуу кийиктин" көзү менен карабайм, бирок ар бир ырды жаратып атканда жаралуу көз, жаралуу жүрөк менен карап жазганым чын.

Жаңылыктар түрмөгү
0