00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда жар салынып, бирок ара жолдо калган ири долбоорлор

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЗавод кызматкери. Архив
Завод кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эгемендик жылдары бир катар долбоорлор ишке ашырылды, бирок бийликтин жогорку трибунасынан убадаланып, аткарылбай калгандары да аз эмес.

Жакында россиялык "Русгидро" ишканасы Кыргызстанды Гаага сотуна берди. Компания Жогорку Нарын каскад (ЖНК) ГЭСтеринин курулушуна сарптаган 37 миллион долларды төлөп берүүнү талап кылууда.

Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Жылына 900 млн. сом тапкан Кыргызстандагы университеттер акчаны кайда жумшайт
2012-жылы ЖНК ГЭСтерин россиялык "Русгидро" компаниясы кура турган келишим түзүлгөн. Ошондо жалпы 238 мегаватт кубаттуулуктагы төрт станцияны куруу пландалып, долбоордун наркы 727 миллион долларга бааланган. Бирок Россиядагы экономикалык көйгөйлөрдөн улам курулуш боюнча келишим бузулган. Мааниси чоң бул долбоор ошентип ишке ашырылбай калган.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы жогорку трибунадан жар салынып, бирок кагаз жүзүндө гана калып кеткен же эми араң ишке ашырыла баштаган ири долбоорлорду тизмектеди.

Камбар-Ата ГЭСтери

Кыргызстанда соңку жылдары электр энергиясынын таңсыктыгы жаралган. Алгач ирет мындан Курманбек Бакиевдин башкаруусунун тушундагы кезек менен өчүрүүлөр кабар берген, 2003-жылдан тарта электр энергиясынын экспорту токтотулган, ал эми 2014-жылдан баштап тескерисинче, өлкөбүз аны импорттоп ала баштаган. Электр энергиясын иштеп чыгуучу жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү маселеси ошентип келип чыккан.

Камбар-Ата үч ГЭСин (КАГЭС) куруу пландалат. Долбоордук иштеринин башталышы тээ 70-жылдарга барып такалат. КАГЭС-2 1986-жылы курула баштап, бирок 90-жылдары каражаттын жоктугунан токтотулган. Болжонгон кубаттуулугу – ар бири 120 мегаваттан турган үч ири агрегат.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Моло кени - Sputnik Кыргызстан
Аксыдагы талашка түшкөн "Ак-Моло" кени. Эки компаниянын чырын ким чечет
2007-жылы кайрадан иш уланып, үч ай өткөн соң бир агрегат орнотулган. Экинчисин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Үчүнчүсүн Камбар-Ата ГЭС-1 ишке киргенден кийин гана орнотууга болот, анын пландалган кубаттуулугу 1 800 мегаватты түзөт. Бирок КАГЭС-1 жана үчүнчүсү ошол бойдон курула элек. Жалпы наркы үч миллиард доллардан КАГЭС-1 долбоору да инвестордун каражаты жоктугунан улам ара жолдо калган.

Эске салсак, КАГЭС-1 жана ЖНКнын курулушу коңшулардын нааразылыгын жараткан, алар экологиялык көйгөй жаратарын айтып, ошондой эле аймактын сейсмикалык жактан кооптуулугун белгилешкен. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов суу ресурсунан улам аймакта чыр чыгышы мүмкүн экендигин бир эмес, бир нече ирет кайталаган. Бирок Өзбекстан Республикасынын азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев Бишкекке болгон былтыркы иш сапарында Камбар-Ата ГЭС долбоорун ишке ашырууга өлкөсү катышууга макул экендигин жарыялаган. 

Таш-Көмүрдөгү минералдык жер семирткичтер заводу

Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: "Кумтөрдүн" алдында аймактарды өнүктүрүү фондун түзүү керек
Кыргызстан башынан минералдык жер семирткичтерди сырттан ташып келүүгө аргасыз болгон. Өлкөнү өз минералдык жер семирткичтери менен камсыз кылуу үчүн завод куруу зарыл эле. Курманбек Бакиев президент болуп турганында кытайлыктар Таш-Көмүрдүн тегерегиндеги Тегене көмүр кенинде ишкана ачууга ниеттенишкен эле, бирок бир катар себептерден улам ал ойдон баш тартышкан. Сүйлөшүүлөр да 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин уланган. Бирок Айыл чарба министрлигиндеги аткаминерлердин көңүл көтөргөн рапортторуна карабастан, кытайлык ишканалар долбоорго катышууга ынтызар болушкан эмес.

Болжолдуу кубаттуулугу – 300 миңден жарым миллион тоннага чейин, наркы 300дөн 600 миллион долларга чейин жетет. Ал эми акыркы бир нече жылдан бери ал туурасындагы кептердин дымы чыкпай калды.

Кара-Кече көмүр кениндеги жылуулук электр станциясы (Нарын облусу)

Кара-Кече ЖЭСин куруу демилгеси 2005-2007-жылы көтөрүлгөн, бирок сөз боюнча калган. ЖЭСтин артыкчылыгы – анын курулушу менен өлкө гидроэнергетикадан көз каранды болбой калмак. 

Базардагы азык-түлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коңшулар чек арасын жаап алса, Кыргызстандын тамак-ашы канчага жетет?
2016-жылы жалпы кору 556 миллион тонналык кенди иштетүү, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун (183 чакырым) жана "Кара-Кече" жылуулук электр станциясынын (1 200 мегаватт) курулушун камтый турган комплекстүү долбоорду ишке ашырууга сынак жарыяланган. Бирок тапшырык түшпөгөндүгүнөн улам сынак болбой калган. Салыштырсак, ЖЭС Кыргызстандын ири станциясы – Токтогул ГЭСинин кубаттуулугуна барабар (1 200 мегаватт).

Экологиянын коргоочулары ага каршы чыгып, дүйнө жүзүндө ЖЭСтер жабылып же аларды экологиялык жактан таза отунга айырбашталып жатканын белгилешкен. Азырынча долбоор демилгеленген боюнча токтоп турат, шарттарын өзгөртүү керекпи, же мурдагы калыбында калтырган оңбу, бул туурасында талкуу жүрүүдө. Арийне бийлик потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүгө даяр.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу

20 жылдан ашуун мезгилден бери аталган өлкөлөрдөн ары Иран жана Түркияга өтүп, Европа менен байланыштыра турган темир магистралын куруу боюнча сүйлөшүлүп келет. Кыргызстан үчүн бул долбоор деңизге жол ачып, жүктүн транзити үчүн көп миллиондук каражат түшүшүн камсыздамак. Ошондой эле трассанын курулушунан улам өлкөнүн түштүгү менен түндүгү темир жол менен да байланыштырылмак.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай "Жерүйгө" да көз артып жатабы? Профсоюз коңгуроо кагууда
Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар принципиалдуу маселелер чыкты. Тагыраагы, кыргыз тилкеси эң аз баа менен эсептелип, 1 миллиард 340 миллион долларды түзгөн. Чыгымдарды жабууда Кыргызстан өз кендери менен эсептешет деген варианттарды кыргыз тарап өзү четке каккан. Экинчи маселе — жолдун колеясынын туурасына байланыштуу. Кытайда эл аралык стандарт – 1 435 миллиметр колдонулат, ал эми Кыргызстанда совет убагындагыдай — 1 520 миллиметр бойдон сакталып калган. 2015-жылдын башында сүйлөшүүлөр кайрадан жанданып, ЖЭО долбоорун иштеп чыгуу башталган. Маселе дале талкууда. Шанхай кызматташтык уюмунун жайындагы саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков өлкө бул темир жолунун курулуш долбоорунун тезинен ишке киргизилишине кызыкдар экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0