Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өмүрүн тобокелге салып жол салган бабалар

© Sputnik / Макс Альперт / Медиабанкка өтүүЗемляные работы по сооружению железнодорожного полотна Туркестано-Сибирской магистрали
Земляные работы по сооружению железнодорожного полотна Туркестано-Сибирской магистрали - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Маркумдар даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" дейт. Андыктан өлкөнүн өнүгүшүнө, келечек муундун жакшы шартта жашашына шарт түзүп бергендерди унутпайлы.

Ысык-Көлгө же Ошко баратканда ушул жолдорду ким салды болду экен деп ойлондуңуз беле? Ошол жол салуу мезгили кайсы жылга барып такалат деп бир аз да болсо ойлонгон чыгарсыз. Түндүк менен Түштүктү бириктирип, элдин карым-катнашын чыңдаган бул жолдордун курулуш тарыхы дээрлик бир кылым мурда башталган. Кесиптешим Мирбек Сакенов жолдордун курулушу боюнча маалыматты бир жылдай чогулткан. Абдан кызыктуу архивдик видеолор менен жол салууга катышкан улуу муундун пикирин алган. Көз салып коюңуз. 

© Sputnik / Эмиль Садыров , Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРОн миңдеген киши өмүрүн тобокелге салган. Өлкөдөгү жолдордун курулушу видеодо
Он миңдеген киши өмүрүн тобокелге салган. Өлкөдөгү жолдордун курулушу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Он миңдеген киши өмүрүн тобокелге салган. Өлкөдөгү жолдордун курулушу видеодо

Улуу муун демекчи, алар да заманбап жашоодон калбай, неберелери менен теңтайлаша смартфон колдонуп жатышат. Албетте, карылык деген карылык, бардыгын эле бир айтканда илип кете алышпайт. Мына ошол смартфонду колдонууну үйрөнүп жаткан карыларыбыз тууралуу кызыктуу видео тартып келдик

Үй-бүлө бардыгынан кымбат. Аны багуу үчүн бардыгыбыз колдон келген ишти жасайбыз. Керек болсо эки-үч жумушта иштеп, чакан мамлекетин өнүктүрүп, бутуна тургузууга тырышкан мекендештерибиз жок эмес. Мамлекеттик кызматта иштеп, өп-чап алган айлыгынан тышкары күнүмдүк турмушта тыгынчык болсун деп кошумча жумушта иштеген каармандарды сунуштайбыз

"Өнөрлүү өлбөйт" деген кеп бар. Чындыгында ушундай. Өзгөчө сүрөтчүлөр башкача келишет. Алар катардагы адамдардан айырмаланып, айланада болуп жаткан нерселерди, жан дүйнөсүндө оргуштап жаткан сезимдерди сүрөт менен элге жеткирет. Сүрөтчү Максат Болотбеков чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу кенен айтып берди.

"Жаман айтпай, жакшы жок" дейт элибизде. СССР урап, эл кыйналып турган 90-жылдарда кандай кылмыштар жасалганын тизмектеп чыктык.

Ии баса, ал ортодо мышыкты мылтыгы менен атып өлтүрүп, ал "эрдигин" интернетке жарыялаган эргул колго түштү. Ал бул кылыгы үчүн элден кечирим сурап, мындан ары жан-жаныбарларды коргоого аракет кылам деди. Болгондо да милиция бөлүмүнөн элге видео кайрылуу жасаптыр

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ар бир ишти өлкөнүн өнүгүшү үчүн жасайлы. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0