Чачтарач-медайым, таксист-милиционер. Бир эмес, эки жерде иштеген мамкызматкерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүнө таянсак, Кыргызстанда эң көп маянаны финансисттер менен камсыздандыруу кызматынын адистери алат экен. Ал эми билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба жана искусство өкүлдөрү аз айлык алгандардын катарында.

Сураштырсак, мамлекеттик кызматта иштегендердин орточо айлыгы 15-20 миң сомдун тегереги, андан аз алгандар да көп. Бул акча үй-бүлөлүү эмес, бойдокторго өп-чап жетет. Sputnik Кыргызстан агенттиги негизги кызматы менен катар кошумча жумушта иштеген мамкызматкерлер тууралуу макала даярдады.

Чачтарач-медайым. 35 жаштагы Назгүл Урустамбекова Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө медайым болуп иштейт. Айлык маянасы 3500-4000 сом болгондуктан, үч жыл мурун чач кескенди да үйрөнүп, кошумча каражат табууга өткөн.

© Фото / из личного архива Назгуль Урустамбековой35 жаштагы Назгүл Урустамбекова Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө медайым болуп иштейт
Медсестра Назгуль Урустамбекова, подрабатывающая парикмахером - Sputnik Кыргызстан
35 жаштагы Назгүл Урустамбекова Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө медайым болуп иштейт

"Жарым ставка болгондуктан ооруканада бир айда төрт сутка иштейм. Жеке эле медицина кызматкерлеринин эле эмес, мамлекеттик жумушта иштегендердин баарынын эле айлыгы аз. Мындан улам кошумча жумуш табыш керек болуп, ата-энемдин көмөгү менен чачтарач ачкам. Өзүм да чач кесем. Ал жактан түшкөн акча чай-чамекке, баламдын кийим-кечесине кетет. Ооруканадан айына 4000 сом алсам, чачтарачтан күнүнө жок дегенде 500 сом чыгат", — дейт Урустамбекова.

Ал медайым анын негизги кесиби экенин айтып, турмуш шартка байланыштуу гана чачтарач болгонун кошумчалады.

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
Мугалим-журналист-таксист. Ардакбек Каныбеков Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн координатору. Эртең менен саат 9:00дөн 16:00гө чейинки убактысы университетте өтөт. Аныкы да жарым ставка болгондуктан, айына 3500 сом эле маяна алат, бирок күнүгө иштейт.

Буга чейин тарых сабагынан мугалим болчумун деген Каныбеков айлыгынын аздыгынан ал жумушун да таштап салган. Учурда университетте, радиодо жана такси кызматында иштейт.

© Фото / Аскат СубанбееовАрдакбек Каныбеков Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн координатору
Преподаватель Национального университета Ардакбек Каныбеков, подрабатывающий таксистом - Sputnik Кыргызстан
Ардакбек Каныбеков Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн координатору

"Достук" радиосунда штаттан тыш кабарчы болуп жүрдүм. Радиого эртең менен 9га чейин барып кетем. Ал жактан 2000-2500 сом гонорар алам. Андан кийинки убактым университетте өтөт. Саат төрттөн кечке чейин бош жүрбөйүн деп такси кызматына кирип алгам. Түнкү 12ге чейин таксистмин. Университет менен радиодон алган айлыкты таксист болуп бир жумада эле таап коем, бирок мамлекеттик жумушта иштөөгө көнүп алыптырмын. Баарына жетишем, бирок үй-бүлөмө аз көңүл буруп калат экенмин. Эгер айлыгым баарына жетсе, мен деле бир эле жумушта отура бермекмин", — деди Каныбеков.

Ал ара-чолодо гезиттерге да макала жазып акча табарын кошумчалап кетти.

Эксперт-тамада. Мамлекеттик органдардын биринде эксперт болуп иштеген Жыргал Абылов (аты өзгөртүлдү — ред.) кечкисин тойлордо тамадалык кылат.

Антпесем алган айлыгым тамак-аштан артпайт дейт ал.

"Мамлекеттик органда карьера үчүн иштейсиң. Бирок айрыкча эркек кишиге бир эле айлыкты тиктеп отура берген жарашпайт. Мындан улам кошумча жумушта иштөөгө туура келип, тойлорду алып бара баштагам. Журналистика факультетин аяктагандыктан алып баруучулук өнөрүм бар, андан сырткары ыр, макала жазам. Баса, кошумча жумуш негизги кызматыма кесепетин тийгизбейт", — деди Абылов.

Тамаданын тойдогу ставкасы 200 доллардан жогору экен, ал эми негизги кызматынан алган айлыгы 14 000 сомду түзөт.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: ноябрдан тарта майып балдардын ата-энелери айлык ала баштайт
Милиция-таксист. Мурат Жыргалбеков (бул каармандын да атын өзгөртүүгө туура келди — ред.) 12 жылдан бери күзөт бөлүмүндө иштейт. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Күзөтчүлөрдүн айлыгы 10-11 миң сомдун тегереги деген Жыргалбеков азыр ар бир үчүнчү-төртүнчү милиционер таксист же дагы башка кошумча жумушта иштерин белгиледи.

"10 000 сом үй-бүлөлүү эмес, бойдок балдардын өзүнө да жетпейт. Бир сутка нөөмөткө туруп, үч күн бошпуз. Бул аралыкта жок дегенде тамак-ашка чыгып турсун деп таксист болуп иштейм. Эртең менен кечке чейин чыксак, күйүүчү майдан тышкары 1500 сомго чейин акча таап алабыз", — деди Жыргалбеков.

Мындан сырткары, мамлекеттик жумушта иштеген айрым фотограф, операторлор кечкисин той тартып, кошумча акча табышат экен. Телевидениеден айына операторлор 15-20 миң сом алса, тойдогу ставкасы 200 доллардан жогору. Сүрөтчүлөрдүкү да ушундай, алар тойдон тышкары фотосессия менен дагы кошумча акча табышат.

Искусство өкүлдөрү да аз айлык алгандардын катарында. Театр өкүлдөрү негизги жумушунан сырткары клип, кино, жарнамаларга тартылып кошумча каражат тапса, ырчылар той-топур менен жан сакташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0