БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардан Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырымына түшкөн көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аталган жолго таң эрте 6000 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшүп, жолду бууп калган.
Жолду тазалоого эки жүктөгүч жана бир бульдозер тартылып, саат 13:45те жол каттамы толук ачылган.