БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун басканын туурап зымкарагайга чыккан Таластагы электрикке чара көрүлдү. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
"Түндүкэлектр" ишканасы электромонтер А.А менен бригаданын жетекчиси М.Н. аттуу кызматкерге техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн дисциплинардык чара көрдү. Эми ал техникалык коопсуздукту билүү боюнча кайрадан экзамен тапшырат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин интернет тармагына бутуна атайын шайманды кийип алып мамыга чыгып бараткан электриктин видеосу тараган.