Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Дагы ыймандуу келин экен...

© Sputnik / Жоомарт УраимовКелин. Архивдик сүрөт
Келин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңур күздүн ишемби күнкү жылуулугу ай. Тим эле үйгө киргиң келбей парк аралап гана баскыңды келтирет. Бардык нерсенин аягы бар дегендей бул жылуу аба ырайы эми ызгаар суукка, лапылдап жааган карга айланат экен.

Кар демекчи, мына ушул жума ичинде аба ырайы өзгөрүп жааган жамгыр карга айланат деп синоптиктер эскертти. Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт дегендей жылуу кийимиңерди даярдагыла. Айтты-койду дебегиле, иттей суук болот.

Күн суук болсо от жагыш керек, от жагыш үчүн отун-тезек камдаш керек да. Жылуу аба ырайына көнө түшүп, такыр эле кыш түшпөчүдөй бейкапар жүрсөңүз тезинен өзүңүзгө келиңиз. Какаганга муштаган болуп, кар жааган күнү машинаны ары-бери зуулдата айдап, көмүр издеп убара болбой аны эртерээк камдап алыңыз. Кайдан, кантип алам деп баш оорутуп жатсаңыз дароо бул жакты караңыз. Көмүр сатылып жаткан жерлердин даректерин сиз үчүн тизмектеп койдук.

Эмне дээримди билбейм, сөз жок. Сиз деле ушундай демек болушуңуз керек… 

© Facebook/ Samat KydyrbaevМужчина пнул женщину на тое — МВД Кыргызстана прокомментировало видео
Мужчина пнул женщину на тое — МВД Кыргызстана прокомментировало видео - Sputnik Кыргызстан
Мужчина пнул женщину на тое — МВД Кыргызстана прокомментировало видео

Негизи бир спортчунун эл аралык мелдештеги жеңиши жалпы эл, мамлекет үчүн да сыймык. Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында балбан Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды. Жоламан айыгышкан кармаш, атаандаштары тууралуу бизге берген маегинде айтып берди

© Фото / Facebook/ United World WrestlingЧемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште
Чемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Чемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште

Спорт — ден соолуктун булагы демекчи акыркы убактарда жаштардын көбү сергек жашоо мүнөзүн тандап, спорт менен достошууда. Чет жакта эмгек мигранты болуп жүргөн мекендештер дагы четте калган жок. Эгер кандайдыр бир себептерден улам жолуңуз Москвага түшүп калса, кыргызстандыктардын спорт клубдарына баш багып, машыксаңыз болот. Болгондо дагы тандап туруп. Анткени Москвада эле кыргыздардын 30дай спорт клубу бар

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.49 (сатып алуу) жана 69.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Оорубайлычы. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0