Москвада кыргыздардын 30дай спорт клубу бар! Ээлери ким

© Фото / предоставлено Дилярбеком ЖороевымСпортклуб "Ала-Тоо"
Спортклуб Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Россияда кыргызстандыктар ачкан 30дай спорт клуб бар. Айрымдары 10 жылдан бери иш алып барса, кээси бир-эки жыл мурда ачылган. Дээрлик бардыгы бокс, грэпплинг, күжүрмөн самбо, ММА багытында иш алып барат.

Россияда киного тартылган кыргызстандык актер Чыңгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргыз актеру: мигрант болуп келип, 50гө чукул тасмага тартылдым
Спорт клубдардын филиалы Москвада гана эмес, Россиянын бир нече шаарында, жадакалса Кыргызстанда да ачылган. Машыктыруучулардын айтымында, спорт залдардын максаты — мигранттардын ден соолугун чыңдоо, өзүн-өзү коргоого үйрөтүү, ыплас жолдон алыс кармап, убактысын пайдалуу нерсеге жумшоо. Анткен менен спортчулар машыгып гана тим болбостон, профессионалдуу мушкер катары мелдештерде ийгилик жаратып, өлкө намысын коргогондору арбын экендигин белгилешти. Ошондой эле клубдар промоутерлик компания катары эл аралык турнирлерди да уюштуруп келет.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мигранттардын башын бириктирген ири спорт клубдарды тизмектеди.

"Айкөл-Манас" клубу

© Фото / Нургазы Амиракулов"Айкөл-Манас" клубу
Спортклуб Айкол-Манас  - Sputnik Кыргызстан
"Айкөл-Манас" клубу
Жетекчиси Нургазы Амиракулов клубду 10 жыл мурда ачкан. Учурда Москвада үч клубу бар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Санкт-Петербург, Ош, Жалал-Абад шаарларында ачылган. Көрүнүктүү өкүлдөрү Рыскулбек Ибраимов, Жаркынбек Байзаков, Шермухамбет Шермухамедмуса уулу, Кубаныч Кылычбек уулу, Мелисбек Тойчубеков, Акжолтой Таабалды Уулу жана башкалар. Мушкерлер ММА боюнча Евразия кубогунан тарта дүйнө чемпионатындагы алдыңкы орундарга чейин жетишкен.

"Жаш-күч" клубу

Клубду Москвада 2011-жылы Айбек Мусаев аттуу жигит ачып, аны өзү машыккан Кызыл-Кыя шаарындагы залдын атынан "Жаш күч" деп атаган. 2015-жылы клубдун мелдеш өткөрө турчу JFC (Kuch Fighting Championship) лигасы түзүлгөн. Президенти Мусаев болсо, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов — ардактуу президенти.

Учурда "Жаш күч" Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Бишкек жана Россиянын бир нече шаарында иштеп келе жатат. Клубдун учурдагы белгилүү мушкерлери: Абдалим Ысманов, Мыктыбек Мамасалиев, Данияр Бабакулов, Тилек Батыров, Жаныбек Аматов, Тилек Машрапов, Бахтияр Тойчубаев, Орозбек Марипов, Дарханбек Эргешов жана башкалар.

"Ихлас" клубу

© Фото / предоставлено Тынчтыбеком Иминжановым"Ихлас" клубу
Боец ММА, тренер спортивного клуба Ихлас Тынчтыкбек Иминжанов (в центре) - Sputnik Кыргызстан
"Ихлас" клубу
Москва жергесине "Ихлас" клубунун ачылганына үч жылдай болду. Президенти Дамир Маткасымов. Белгилүү ММА мушкери Тынчтыкбек Иминжанов клубдун улук машыктыруучусу болсо, бокс менен Нурбек Маматов, эркин күрөш менен Шухрат Токтосунов, грэпплинг боюнча Талгат Кеңешов аттуу жигиттер машыктырат. Жалпысынан 150дөй бала тарбияланат. Иминжанов "Мигрант жигиттерди жаман жолдон алыс кармап, ден соолукту чыңдоо үчүн ачканбыз. Бирок арабызда өзүн профессионал спортчу катары көрсөткөндөр өсүп чыкты", дейт. Клубдун көрүнүктүү өкүлдөрү Эламан Додонов, Нуржан Абдыхалилов, Байболот Эргешов, Эгемберди Кабылов, Данияр Калыбаев, Эрнис уулу Сайпидин эл аралык турнирлерде жеңүүчү аталып келишет.

"Ак барс" клубу

© Фото / предоставлено Жолдубаем Мамашариповымм"Ак барс" клубу
Основатель и главный тренер спортивного клуба Ак барс Жолдубай Мамашарипов - Sputnik Кыргызстан
"Ак барс" клубу
Клубдун негиздөөчүсү жана башкы машыктыруучусу Жолдубай Мамашарипов самбо боюнча Россиянын спорт чебери. Клуб Москва шаарында 2011-жылдан тарта өз ишин баштаган. Мамашариповдун башкы максаты — мигранттарды спортко үндөп, убактысын пайдалуу ишке жумшоо.

Клуб спорттун бир нече түрлөрү боюнча иш алып барат. Спортчулары Айбек Раимберди уулу, Алманбет Жаныбеков, Улукбек Аманбаев, Медер Жээналиев, Токтоболот уулу Таштанбек, Нурсултан Турдуев күжүрмөн самбо боюнча Москва чемпиондугун багындырып, ММА, панкратион боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталышты.

"Эмир" клубу

© Фото / предоставлено Жыргалбеком Чомоновым"Эмир" клубу
Спортклуб Эмир - Sputnik Кыргызстан
"Эмир" клубу
Залдын президенти жана машыктыруучусу Жыргалбек Чомонов оор салмактагы көрүнүктүү мушкерлердин бири. Аралаш мушташ боюнча WEF, AFC, EFC мелдештерин уткан. Үч жыл мурда "Эмир" клубун ачып, азыр кырктай баланы тарбиялоодо. Клуб күжүрмөн самбо боюнча беш спорт чеберин жана жети талапкерин өстүргөн.

"Усман-Умар" клубу

© Фото / предоставлено Тариелем Аттакуровым"Усман-Умар" клубу
Спортклуб Усман-Умар - Sputnik Кыргызстан
"Усман-Умар" клубу
Машыгуу жайында 50-60тай бала тарбияланат. Жетекчиси Тариель Аттокуров залды төрт жыл мурда ачкан. Клубдун көрүнүктүү өкүлдөрү Алымбек Темиров, Нурболот Чаткалбаев, Чыңгыз Анарбай уулу, Камбарал Райымбаев, Эдилбек Шакирмаматов, Баяман Маматалиев, Элдарек Алишер уулу, Эрмек Осоркул уулу, Амалбек Самаган уулу, Руслан Абдылда уулу ж.б. Мушкерлер грепплинг жана ММА боюнча дүйнө чемпионатында алдыңкы орундарды ээлеп, бир канча турнирде жеңүүчү аталышкан.

"Айкөл FC"

© Фото / предоставлено Кубанычбеком Осмонбековым"Айкөл FC"
Спортклуб Айкол FC - Sputnik Кыргызстан
"Айкөл FC"
Клуб 2016-жылы машыгуулар менен мелдештерди уюштурууга ылайыкталып, мигрант спортчуларды колдоого багытталган социалдык долбоор катары ишке ашкан. Негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбеков. Клубдун өзгөчөлүгү — мигранттардын шарттарына ылайык күнү-түнү иштейт, ошондой эле социалдык жеңилдиктер каралган.

"Ала-Тоо" клубу

© Фото / предоставлено Дилярбеком Жороевым"Ала-Тоо" клубу
Спортклуб Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" клубу
Клуб эки жыл мурда "Тоолос" деген ат менен ачылган (бир ай мурда Ала-Тоого алмашкан). Жетекчиси Дилярбек Жороев. Залда 60тай бала машыгат. Дагы бир филиалы Ошто жайгашкан. Балдар грэпплинг боюнча Европа чемпионатында, ММА боюнча WEF турниринде ийгилик жаратышкан. Арасынан Нурсултан Төлөнбай күжүрмөн самбо боюнча эл аралык даражада спорт чебери аталса, Семетей Жыргалбек уулу, Ыманбек Абылбакы уулу, Эркинбек Мансуров жана Азам Эргешов Россиянын спорт чебери аталышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0