00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда ири дарыканаларга кимдер ээлик кылып, канча салык төлөйт?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию пешеходной зоны в Замоскворечье
Подготовка к открытию пешеходной зоны в Замоскворечье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпысынан 2500дөн ашуун дарыкана пункту бар.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бир аз мурда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, дары-дармек жаатында чакан бизнеси бар экенин айткан.

Министрдин билдиргенине караганда, ал анча чоң эмес, үч дарыканага ээлик кылат. Бирок кийин аларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Микрокредит берген компанияларга кимдер ээлик кылат. 94 ишкананын кожоюну
Дарыкана бизнесинде дагы кандай аткаминерлердин "үлүшү" бар экенин билүү үчүн борбор калаада эң ири делип, эл оозуна алынган 10 дарыкананы изилдеп көрдүк.

Маалыматтар расмий булактардан, тагыраагы, Саламаттыкты сактоо жана Юстиция министрликтеринин сайттарынан алынды.

Баса, документ түрүндө дарыканаларга ээлик кылгандардын арасында министрден тышкары, ТЭЦ чуусуна байланыштуу учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевдин уулун көрүүгө болот.

Ишканалар 2018-жылдын 1-январынан 15-октябрга чейин төлөгөн салыктар жөнүндө маалымат "Ачык бюджет" порталынан алынды. Аталган сайттын ишин жөнгө салып турган "Инфо-система" мекемесинен билдиришкендей, порталга ишканалардын мамлекетке төлөгөн айрым төлөмдөрү киргизилбейт.

"Неман-Фарм" дарыканасы

Жетекчиси — Алиева Күннур Сатаровна.
Негиздөөчүсү — Артыкбаев Эмиль Осмонбекович (Осмонбек Артыкбаевдин уулу — ред.).
Бюджетке салымы — 108 миллион 660 миң 654 сом.

"Эляй" дарыканасы

Жетекчиси — Садырбаева Жылдыз Эсенбековна.
Негиздөөчүсү — Акжолтоев Нурбек Жапыкеевич.
Бюджетке салымы — 43 миллион 011 миң 106 сом.

"Фарватер" дарыканасы

Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Турдубаев Жанторо Таирович.
Бул ишкана салык төлөөчүнүн идентификациялык номери катары Юстиция министрлигинин сайтында башка, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында башка номерди көрсөткөн. Биринчи булактагы номер боюнча жыл башынан бери бюджетке 17 миллион 657 миң 631 сом салганы белгилүү болду. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтындагы номер боюнча маалымат табылган жок.

"БИМЕД Фарм" дарыканасы

Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Чумаева Светлана Александровна.
Бюджетке салымы — 11 миллион 483 миң 580 сом.

"ФАРМАМИР" дарыканасы

Жетекчиси — Абылгазиев Ринат Шаршенбекович.
Негиздөөчүсү — Садырбаева Жылдыз Эсенбековна.
Бюджетке салымы — 10 миллион 233 миң 940 сом.

"Лекарь" дарыканасы

Жетекчиси — Храмов Анатолий Иванович.
Негиздөөчүсү — Эсенбеков Жолдошбек Эсенбекович.
Бюджетке салымы — 9 миллион 878 миң 794 сом.

"Айболит" бренди ("Медсервис.KG" компаниясы)

Жетекчиси — Насырбаева Гүлнура Жеңишбековна.
Негиздөөчүлөрү — Шакиров Майрамбек Надырбекович, Шокан Бегалиев.
Бюджетке салымы — 6 миллион 786 миң 516 сом.

"Заман" дарыканасы

Жетекчиси — Нуржанова Чолпон Кеңешбековна.
Негиздөөчүсү — Кенжеева Азиза Артуровна.
Бюджетке салымы — 2 миллион 030 миң 545 сом.

"Фармстор" дарыканасы

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Миллиондордун башын жеген ден соолук программалары. Акча кайда сарпталган?
Жетекчиси — Жетигенов Бакыт Темирбекович.
Негиздөөчүлөрү — Жетигенов Бакыт Темирбекович, Жумалиева Үмүт Жеңишбековна, Жуманазаров Чыңгыз Таалайбекович жана Абыкулова Динара Ашымбековна. Баса, Динара Абыкулова аттуу жаран учурда курулуш иштери менен алектенген "Бината" компаниясынын дагы негиздөөчүсү болуп эсептелет. Бул ишканага 2018-жылдын 6-июнуна чейин кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев ээлик кылган.
Бюджетке салымы — 1 миллион 843 миң 446 сом.

GALENPHARM дарыканасы

Юстиция министрлигинде мындай ат менен катталган ЖЧКнын жетекчиси — Искаков Кубанычбек Жумабекович, негиздөөчүлөрү — Чолпонбаев Алмаз Мусабекович жана Кулетова Нина Жаманкуловна. Ал эми ушул эле министрликтин маалыматтарын камтыган osoo.kg порталында GALENPHARM компаниясына 2018-жылдын 5-июнуна чейин азыркы саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич директор болгону көрсөтүлгөн.
Бюджетке салымы — 833 762 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0