Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба министрлигин зекиди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял главу Минсельхоза Нурбека Мурашева
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял главу Минсельхоза Нурбека Мурашева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр ноябрдын ортосунан тарта картошканын наркы жогорулайт деген пикирде.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жалпы жыйынында Өзбекстан Кыргызстандан картошка алууга тыюу салганын жар салган. Анын айтымында, дыйкандар түшүмүн эми 5 сомдон да өткөрө албай убара тартууда. Аталган министрлик буга чейин абалга түшүндүрмө берген

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Жээнбеков менен айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин жолугушуусунда айыл чарба тармагындагы түзүлгөн кырдаал, күзгү талаа жумуштары, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды.
Президент Жээнбеков менен айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин жолугушуусунда айыл чарба тармагындагы түзүлгөн кырдаал, күзгү талаа жумуштары, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Президент Жээнбеков менен айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин жолугушуусунда айыл чарба тармагындагы түзүлгөн кырдаал, күзгү талаа жумуштары, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды.
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды.
2/2
Президент Жээнбеков менен айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин жолугушуусунда айыл чарба тармагындагы түзүлгөн кырдаал, күзгү талаа жумуштары, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды.

Президент Жээнбеков менен айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин жолугушуусунда айыл чарба тармагындагы түзүлгөн кырдаал, күзгү талаа жумуштары, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды.

Мурашев быйыл картошканын наркы былтыркы жылга салыштырмалуу 5-7 сомго арзан экенин белгиледи. Өткөн жылы картошканын бир килограммы 8-10 сомдун тегерегинде болчу.

"Рыноктун анализи жүргүзүлгөн, жылына октябрь айында башка айларга караганда картошкага болгон баа төмөнүрөөк. Ноябрдын ортосунан баштап баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорттоо боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди министр.

Аткаминердин айтымында, 2017-жылы картошка 83,2 миң гектар жерге айдалса, быйыл 84,5 миң гектарга эгилген. Жалпы түшүм 1,5 миллион тоннаны түзгөн, бирок өлкөнүн ички керектөөсү болгону 800-900 тоннага чамалап барат. 600 миң тоннасы экспортко кетери айтылды. Мурашев төө буурчак менен пахта толук кандуу чет мамлекетке сатылып жатканын кошумчалады.

Супермаркет Перекресток в Москве - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандан алынган эт азыктарына киргизилген чектөөнү алды
Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алып, айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин белгиледи.

Президент Жээнбеков өлкөнүн агрардык тармагынын продукциясын экспорттоо Айыл чарба министрлигинин ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болушу керектигин дагы бир жолу айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0