ЖКнын алдында жалаң Жиптер го! Депутаттардын автоунааларынын баасы канча? Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйындарынын биринде парламентарийлердин кандай автоунаа менен жүргөнүнө Sputnik Кыргызстан байкоо салып көрдү.

Биздин оператор пленардык жыйынга келген эл өкүлдөрүнүн айрымдарын видеого тартып алууга жетишкен. Анда эл өкүлдөрүнүн ишке кандай унаа менен келгенин көрүүгө болот.

Видеодон депутаттардын дээрлик бардыгынын жол тандабаска ык койгонун, көпчүлүгү кара жана ак түстө экенин байкоо кыйын эмес. Адатта бул түстөр элиталык өңгө киргендиктен, баасы башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак болот.

Эскерте кетсек, учурда депутаттар кызматтык эмес, жеке менчик унаасы менен жүрөт.

Избрание нового кабмина КР - Sputnik Кыргызстан
Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы жана кошумча киреше булагы. Декларация
Эл өкүлдөрүн ишине ташып келген автоунаалардын базар баасы орто эсеп менен канча турарын автоунаа саткан сайттардан карап, болжолдуу наркын, чыккан жылын билгенге аракет кылдык. Муну менен катар депутаттардын Киреше жана чыгашасы боюнча 2016-жылкы декларациясын тизмектейбиз.

Азизбек Турсунбаев менен Алмасбек Акматов минип келген Lexus LX 570 (акыркы модель) автонуаасынын орточо баасы – 100 миң — 115 миң доллардын тегерегинде. Автокөлүктөр болжол менен былтыр, 2017-жылы чыккан.

Турсунбаевдин 2016-жылкы декларациясында 748 миң сом айлык алгандыгын, 2008-жылкы Toyota Prado унаасы бар экендигин көрсөткөн. Жакын туугандары киреше тапкан эмес, бирок эки миллион сом сарпташкан. Алардын атына үч имарат, үч жер тилкеси, эки үй, эки батир, 2013-жылкы Toyota Prado жана 2015-жылкы Toyota Prado унаалары катталган.

Кымбат унаа менен келген экинчи депутат Акматов декларациясында айлыгы 852 миң сомду түзгөнүн, 2,7 гектар жер тилкеси бар экендигин көрсөткөн. Жакын тууганы 2013-жылкы Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат.

Алмамбет Шыкмаматов ичинен түшкөн Toyota Camry — 50 автокөлүгү 15 миң — 20 миң доллардын тегерегинде. Болжолдуу чыккан учуру — 2012-жыл.

Декларациясында айлыгы — 751 миң сом, жарандык-укуктук келишимдерден — 2 миллион 345 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Жакын туугандары 942 миң сом сарптаган. Алардын батири жана 2014-жылкы Toyota Camry унаасы бар.

Первое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жаңы чыккан унаалар, белекке берилген миллиондор. Депутаттардын эмне мүлкү бар
Рыскелди Момбеков минген Toyota Land Cruiser — 100 жол тандабасы 20 миң — 25 миң доллардын тегерегинде. Болжолдуу чыккан учуру — 2005-жыл. Декларациясына негизги жумушунан 730 миң сом киреше тапкандыгын жазган. Жалпы аянты 0,25 гектар жер тилкеси бар. Жакын туугандары педагогикалык ишмердүүлүгүнөн 158 миң сом, ал эми турак жай сатуудан 1,9 миллион сом тапкан.

Зарылбек Рысалиев келген S класстагы "Mersedes Benz" учурда 25 миң – 30 миң доллардын тегерегинде. Болжолдуу чыккан учуру — 2012-жыл. Ал эми бул аткаминердин тапшырган декларациясын тапкан жокпуз.

Кубанычбек Нурматов айдап келген Toyota Sequoia автоунаасы 35 миң — 40 миң доллардын тегерегинде. Болжолдуу чыккан учуру — 2012-жыл.

Декларациясына көз чаптырсак, 2016-жылкы айлыгы жалпы жонунан 776 миң сомду түзгөн. Аянты эки миң чарчы метрди түзгөн турак жайдын жана Mercedes-Benz унаасынын ээси. Жакын туугандарынын аянты 162 чарчы метр үйү, жеңил курулуштары жана 2009-жылкы Lexus GX470 унаасы бар.

Таабалды Тиллаев минип келген автоунаа — Lexus LX 570 INVADER, баасы 50-60 миң доллардын тегерегинде. Болжолдуу чыккан учуру — 2014-жыл.

Анын 2016-жылдагы декларациясында айлыгы — 713 миң сом деп көрсөтүлгөн. Бир нече — Mercedes-Benz, Audi 100, Toyota Corolla жана 2004-жылы чыккан Honda CRV унаалары бар.

Мужчина в деревне у забора. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жакыр кыргызстандыктар тууралуу 15 факты
Иса Өмүркулов түшкөн Toyota Land Cruiser-200 жол тандабасы 30 000 – 35 000 доллардын тегерегинде. Болжолдуу чыккан учуру — 2010 же 2011-жыл.

Анын декларациясына көз чаптырсак, 2016-жылы жалпысынан 5 миллион 144 миң сом акча тапкан. Анын 944 миңи негизги кызматынан, ал эми 4 миллион 200 миңи мал сатуудан түшкөн. Мал сарайы, аянты 190 чарчы метрлик эки жер үлүшү жана 24 гектарды түзгөн жети жер тилкеси бар. Жакын туугандары ишкерлик менен 189 миң, унаа сатуудан 165 миң сом киреше көрүшкөн. Алардын бир батири, эки имараты, сарайлары менен эки үйү, жер тилкеси жана үч унаасы бар.

Үч депутат – Сагындык Келдибаев, Тынчтык Конушбаев (автонуааларынын болжолдуу чыккан учуру — 2014-жыл) жана Чыныбай Турсунбеков айдап келген (болжолдуу чыккан учуру — 2013 же 2014-жыл) Lexus LX 570 автокөлүктөрү – 50 миң — 63 миң доллардын тегерегинде.

Алардын бири Турсунбеков 2016-жылкы декларациясында 975 миң сом киреше тапканын жазган. Жеке менчигинде алты батири, жер тилкеси, гараж жана киши жашабаган имараты, кичи автобус жана беш ЖЧКдагы үлүшү бар. Тууганы 19 миллион сом иштеп тапкан, ага беш батир, жер тилкеси жана үй, андан сырткары Lexus 570, Mercedes-Benz E-350 жана Toyota RAV4 унаа катталган.

Ал эми Конушбаевдин декларациясына көз жүгүртсөк, негизги жумушунан 656 миң сом иштеп тапкан. Аймагында бузулуп калган имарат жайгашкан жер тилкеси жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү темир тулпары бар. Эки өндүрүш имаратын жана үч ЖЧКны ишенимдүү башкарууга берген. Жакын туугандарынын үч батири жана жер тилкеси бар.

Келдибаевдин да тапшырган декларациясы тууралуу маалымат жок болуп чыкты.

Депутаты Жогорку Кенеша во время заседания - Sputnik Кыргызстан
Үрүп чыгар ити жок депутаттар. Тизме
Тазабек Икрамовдун минген Lexus LX 570 жолтандабасы 30 миң — 35 миң доллар ортосунда. Болжолдуу чыккан учуру — 2010 же 2011-жыл. Анын декларациясында депутаттык кызматы үчүн 634 миң сом алганы айтылат. Үйү жана чарбалык объектиси бар. Жакын туугандарынын кирешеси 200 миң сомду түзгөн. Жер тилкеси, үйү жана курулуш объектилерине ээлик кылат.

ЖКнын азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Кийинчерээк ушул эле жылдын декабрь айында жардамчылары менен коштошуп, алардын эсебинен фракциялар катчылыктын кызматкерлеринин санын көбөйткөн.

Буга чейин парламентарийлер алар баш тарткан унаалар туура эмес бөлүнүп жатат деген пикирлерин айтышкан. Айнуру Алтыбаева кызматтык унаалар Акыйкатчы институтуна, китепканаларга берилип, алар бензинге бюджеттен акча алып жаткандыгын билдирген.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов КG номерлер кайтарылбаса өкмөт өкүлдөрү дагы жөнөкөй номерде жүрүшү керек деген талабын койгон.

Кайсы министр кандай үлгүдөгү кызматтык унаа менен жүрөрүн Sputnik Кыргызстан 2016-жылы тизмектеп чыккан.

PS: Депутаттар материалда көрсөтүлгөн баалар боюнча макул эмес болсо, Sputnik Кыргызстан алардын пикири үчүн ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0