БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан "Супара" этно комплексинде өрт чыгып, жалын 1000 чарчы метрге жайылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
© Sputnik / Нурис Алымбаев
Ага ылайык, этно комплекте өрт чыкканы тууралуу билдирүү саат 02:05те келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 03:24тө чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн.
"Өрт 1000 чарчы метрге жайылып, жаңы курулуп жаткан имараты жана алты боз үй күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоонун алдын алууга өрт өчүрүүчү алты бөлүм тартылган. Андан сырткары, милиция кызматкерлери, райондук электр станциясынан бир бригада тартылган.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан "Супара" этно комплексинде өрт чыгып, жалын 1000 чарчы метрге жайылган

Этно комплекте өрт чыкканы тууралуу билдирүү саат 02:05те келип түшкөн

Тилсиз жоо саат 03:24тө чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн

Тилсиз жоонун алдын алууга өрт өчүрүүчү алты бөлүм тартылган

Андан сырткары, милиция кызматкерлери, райондук электр станциясынан бир бригада тартылган.