Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Республика боюнча 18-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Таласта +22…+27 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +20…+25, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31 градус ысык болот.

Ошто абанын температурасы +29…+31, Бишкек шаарында +27…+29 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0