Бишкектин бир катар аймактары жарыксыз калат

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATЭлектр счетчиги. Архив
Электр счетчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарда 2 саатка өчсө, кээ бир жерлерде жети саатка чейин жарык жок болот.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Оңдоо, тазалоо иштеринен улам 18-сентябрда Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөрүн "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, төмөнкү аймактарда жарык болбойт:

Саат 9:00дөн 14:00гө чейин Элебесев көчөсүндө;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар конушундагы Тоң, Куйручук, Ой-Терскен, Коңорчок көчөлөрүндө. Бакай-Ата конушундагы Эр-Табылды, Ак-Уул, Жээк, Анар, Чубак, Нооруз, Манасчы, Эр-Төштүк, Бакай-Ата, Анарбек, Ак-Сай, Арашан көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 19:00гө чейин Абдумомунов, Фрунзе, Айтматов көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө "Орто-Сай" базарында;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Достук кичи районунда;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Абдрахманов, Парковая, Можайский, Бейшеналиев, Москва, Сагынбай Манасчы, Жаш Гвардия көчөлөрү менен Багижский туюк көчөсүндө;

Саат 10:30дан 12:30га чейин "Ала-Тоо" конушунда, Кара-Алма, Талды-Булак көчөсүндө;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин 110-кварталда;

Саат 13:00дөн 18:00гө чейин Айни, Шота Руставели, Гагарин, Жунусалиев көчөлөрүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0