БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек мэри Азиз Суракматов катышкан ишембилик шаар боюнча өтүп жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
![Бүгүн борбор калаада Бишкек мэри Азиз Суракматов катышкан ишембилик шаар боюнча өтүп жатат Бүгүн борбор калаада Бишкек мэри Азиз Суракматов катышкан ишембилик шаар боюнча өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104111/36/1041113651_0:0:1230:772_600x0_80_0_0_410b9555ca0e5c591df59dc57b2b6db0.jpg)
![Тазалык иш-чарасына жалпысынан төрт миңге чукул катышаары айтылды Тазалык иш-чарасына жалпысынан төрт миңге чукул катышаары айтылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104111/36/1041113656_0:38:1280:843_600x0_80_0_0_bbf8cbe948bcdc990c74d1373c430cb1.jpg)
![Алар кичи жана орто бизнестин, чарбалык субьектилердин өкүлдөрү экендиги кабарланды Алар кичи жана орто бизнестин, чарбалык субьектилердин өкүлдөрү экендиги кабарланды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104111/36/1041113661_0:47:1279:852_600x0_80_0_0_08c3a6ec9c4bf6e29501ee14886ca8e2.jpg)
![Андан сырткары көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары, министрлик менен ведомстволордо, муниципалдык кызматта иштегендер чыгат дешти. Андан сырткары көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары, министрлик менен ведомстволордо, муниципалдык кызматта иштегендер чыгат дешти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104111/36/1041113673_0:1:1281:854_600x0_80_0_0_9009a2f3aa3e64d90393474c0f8ef880.jpg)
![Бишкек мэриясы шаардыктар менен анын конокторун борбор калааны тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырды. Бишкек мэриясы шаардыктар менен анын конокторун борбор калааны тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104111/36/1041113668_0:9:1280:814_600x0_80_0_0_94e302750786c5a11d825a2b23fb105f.jpg)
Тазалык иш-чарасына жалпысынан төрт миңге чукул катышаары айтылды. Алар кичи жана орто бизнестин, чарбалык субьектилердин өкүлдөрү экендиги кабарланды. Андан сырткары көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары, министрлик менен ведомстволордо, муниципалдык кызматта иштегендер чыгат дешти.
"Коммуналдык кызматтар ишембиликке чыккандар тазалаган таштандыларды ташып кетип турмакчы. Бул иш-чарага бардык коммуналдык кызматтардын техникасы чыкты. Ал эми "Тазалык" ишканасы ишембиликке керектүү шаймандар менен камсыздап турмакчы", — деп айтылган маалыматта.
Бишкек мэриясы шаардыктар менен анын конокторун борбор калааны тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырды.