Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын сахналаштырууга үч ай даярдык жүрдү. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чарага башкы режиссерлук болуу милдети үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда жүктөлгөн.
"Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары белгиленген датада өтө турганы дүйнө жүзүнө 2017-жылдын 15-декабрында жарыяланды. Ошондон бери өкмөт тарабынан бардык министрликтерге тапшырма берилип, даярдыктар жүрүп баштаган. Мени башкы режиссер кылып 14-июнда дайындашты. Жалпы жонунан иш-чараны сахналаштырууга үч ай катуу даярдандык. Бул убакыт арасында жоопкерчиликти сезип, даярдык учурларын калтырбай келип берген 1100 ыктыярчыга өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деди Максутов.
Ал даярдык иштери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өткөндүгүн кошумчалады.