00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жигиттерди кылчайтып, Кырчынды көрктөгөн көчмөн кыздар. Көз күйдүргөн сүрөттөр

Жазылуу
Келишимдүү кийинип, келбети көз талдырган бийкечтер, тал чыбыктай буралып көйкөлө баскан сулуулар, ат чаптырып жаа аткан ажарлуу бийкечтер. Булардын баары Көчмөндөр оюндарында жүрүштү.

Бүгүн, 6-сентябрда Кырчын жайлоосундагы этношаарча өз ишин токтотуп, Көчмөндөр оюндарына арналган маданий иш-чаралар жыйынтыкталды. Төрт күн бою бул жерге миңдеген адамдар келип кыргыздын тарыхы, үрп-адаты, маданияты жана ажайып жаратылышы менен жеринен тааныша алды. 

Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео
Бул күндөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков жигиттерди кылчая каратып, Кырчындын ичин көрккө бөлөгөн кыздарды кадрга түшүргөн. 

Кең жайыкка миңден ашуун боз үй тигилип эски заманды эске салган кыргыз айылы түзүлдү. Өлкөнүн облус, шаарлары жана коомдук уюмдары өз ордосун курду. Бул жерде күн сайын түрдүү оюн-зооктор өтүп жатты. Кимде-ким кыргыздардын же көчмөндөрдүн жашоо-турмушун тереңден билгиси келсе Кырчынга ат бастырып келиши керек эле. 

Бир эле мисал этношаарчанын ачылышы аземинде "Көчмөндөрдүн алтын доору” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп, 1400 өнөрпоз кыргыздардын кадимки турмушунан катылган душмандын катыгын бергенине чейин көрсөттү. Ошондой эле жаш жигит Союзбек Надырбеков чыныгы жашоодогу сүйүктүүсүнө баш кошуп XIX кылымдагы салт менен үлпөт тоюн өткөрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйлөрдүн жанында селфи жасаган кыз бүгүнкү күндө деле улуттук кийимдерди заманбап стилде кийип жүрсө болорун далилдегендей
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
1/18
Боз үйлөрдүн жанында селфи жасаган кыз бүгүнкү күндө деле улуттук кийимдерди заманбап стилде кийип жүрсө болорун далилдегендей
© Sputnik / Табылды КадырбековЧачын эки өрүп, белине белдемчи тагынган селкинин жыргалга батып селкинчек тээп жаткан учуру. Ушул сыяктуу жаштардын көңүлүн көтөргөн алты бакан, селкинчектерди ордолордун жанынан кезиктирүүгө болот.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
2/18
Чачын эки өрүп, белине белдемчи тагынган селкинин жыргалга батып селкинчек тээп жаткан учуру. Ушул сыяктуу жаштардын көңүлүн көтөргөн алты бакан, селкинчектерди ордолордун жанынан кезиктирүүгө болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз кыздары көйнөктү эле көркөмдөп кийбестен, суук түшкөндө жарашыктуу чапандарды да тигишкен. Көйкөлө баскан селкини көргөн жигиттер кылчайбай коё алышкан жок.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
3/18
Кыргыз кыздары көйнөктү эле көркөмдөп кийбестен, суук түшкөндө жарашыктуу чапандарды да тигишкен. Көйкөлө баскан селкини көргөн жигиттер кылчайбай коё алышкан жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарындагы жаа атуу мелдешине 10дон ашуун өлкөдөн жаачы кыздар келди
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
4/18
Көчмөндөр оюндарындагы жаа атуу мелдешине 10дон ашуун өлкөдөн жаачы кыздар келди
© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнерлик чеберчилик менен өзгөчө шөкөттөлүп тигилген этно кийим бийкечтин ажарын ачкан
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
5/18
Дизайнерлик чеберчилик менен өзгөчө шөкөттөлүп тигилген этно кийим бийкечтин ажарын ачкан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКырчын жайлоосуна мен-мен деген уз, чеберлер келишкен. Алардын эмгегине назар салсаң биринен-бири ашып өтөт. Түндүк формасындагы элекчек кийген айым анын бир далили боло алат
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
6/18
Кырчын жайлоосуна мен-мен деген уз, чеберлер келишкен. Алардын эмгегине назар салсаң биринен-бири ашып өтөт. Түндүк формасындагы элекчек кийген айым анын бир далили боло алат
© Sputnik / Табылды КадырбековКаныкей эне Семетейди Бухарадан туулган жерине жөнөтүп жатып “Кызылдан кийген күрмөнү, кырк алай таккан түймөнү. Кыргый мүчө, кымча бел кыздары сулуу кыргыздын” деп дал ушундай кыздарды айтса керек
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
7/18
Каныкей эне Семетейди Бухарадан туулган жерине жөнөтүп жатып “Кызылдан кийген күрмөнү, кырк алай таккан түймөнү. Кыргый мүчө, кымча бел кыздары сулуу кыргыздын” деп дал ушундай кыздарды айтса керек
© Sputnik / Табылды КадырбековИлгери кыргыздын кыздары кандай болгонун көргүңүз келсе Кырчынга барышыңыз керек болчу
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
8/18
Илгери кыргыздын кыздары кандай болгонун көргүңүз келсе Кырчынга барышыңыз керек болчу
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз кыздарынын кийимдери кооздугу жагынан эле эмес ыңгайлуулугу жана ысык-суукка туруштук бере алганы менен өзгөчөлөнөрүн айтышат
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
9/18
Кыргыз кыздарынын кийимдери кооздугу жагынан эле эмес ыңгайлуулугу жана ысык-суукка туруштук бере алганы менен өзгөчөлөнөрүн айтышат
© Sputnik / Табылды КадырбековСумо мелдешинин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде балбандарга тагылчу медалды алып чыккан сулуу
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
10/18
Сумо мелдешинин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде балбандарга тагылчу медалды алып чыккан сулуу
© Sputnik / Табылды КадырбековМурда ар бир кыргыз ат менен кошо чоңоюп, жылкы негизги унаасы болгон. Демек аргымакка болгон кызыгуу каныбызда бар десек болот. Жада калса жайлоого барган кыздар да атты ижарага алып минип жатышты.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
11/18
Мурда ар бир кыргыз ат менен кошо чоңоюп, жылкы негизги унаасы болгон. Демек аргымакка болгон кызыгуу каныбызда бар десек болот. Жада калса жайлоого барган кыздар да атты ижарага алып минип жатышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековВенгриядан келген жаачы кыз. Булар да ат үстүнө мыктап отуруп, жааны катуу атышат экен.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
12/18
Венгриядан келген жаачы кыз. Булар да ат үстүнө мыктап отуруп, жааны катуу атышат экен.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул сулууга көз артып жаткан болсоңуз таанышып алыңыз. Ал ат арытып алыскы Түркиядан келген Генел Лансет аттуу кыз.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
13/18
Бул сулууга көз артып жаткан болсоңуз таанышып алыңыз. Ал ат арытып алыскы Түркиядан келген Генел Лансет аттуу кыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековАк жоолукчан жеңесин жандап жүргөн эрке кыз.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
14/18
Ак жоолукчан жеңесин жандап жүргөн эрке кыз.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков“Жашыл гүлдөй жайкалып, айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып, балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай, биздин Ала-Тоонун кыздары ай” деген ыр саптары ушундай кыздарды көргөндөн кийин жаралган чыгар.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
15/18
“Жашыл гүлдөй жайкалып, айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып, балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай, биздин Ала-Тоонун кыздары ай” деген ыр саптары ушундай кыздарды көргөндөн кийин жаралган чыгар.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарындагы жаа атуу мелдешине Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Монголия, АКШ, Түркия жана Венгрия өлкөлөрүнөн келген 11 кыз-келин катышты.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
16/18
Көчмөндөр оюндарындагы жаа атуу мелдешине Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Монголия, АКШ, Түркия жана Венгрия өлкөлөрүнөн келген 11 кыз-келин катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековМонгол кызынын жаа атканы эле эмес, ажарлуу жүзү да оюнга келгендерди суктантты. 20 жаштагы Конгорзул Батбаатар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек берип алты жылдан бери жаа атуу менен алектенерин айтты. Ал көчмөндөр оюндарына биринчи жолу катышууда.
III Всемирные игры кочевников. 5 день.Стрельба из лука - Sputnik Кыргызстан
17/18
Монгол кызынын жаа атканы эле эмес, ажарлуу жүзү да оюнга келгендерди суктантты. 20 жаштагы Конгорзул Батбаатар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек берип алты жылдан бери жаа атуу менен алектенерин айтты. Ал көчмөндөр оюндарына биринчи жолу катышууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековАтчан жаа атуу мелдешине Кыргызстандын атынан Аида Акматова менен Гулмира Аянова чыкты. Сүрөттө Аида Акматова.
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
18/18
Атчан жаа атуу мелдешине Кыргызстандын атынан Аида Акматова менен Гулмира Аянова чыкты. Сүрөттө Аида Акматова.
Жаңылыктар түрмөгү
0