Мамлекет үчүн маанилүү болгон бул күндү Кыргызстан жыл сайын ири масштабда белгилейт.
Sputnik Кыргызстан Эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоодон алынган ирмемдерди тартуулайт.

Бишкек шаары, мамлекеттик атрибуттардын бири — Кыргыз Республикасынын туусу.

"Ала-Тоо" аянтындагы өткөн салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Борбордук аянтта КРдин Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков аткарган "Мурас" ыры жаңырып, көңүлдү толкутту

Майрамдын көркүн ачкан кичинекей бийчилер

Бейпилдик жана ынтымак орногон Кыргызстан

Маданий иш-чаралар өлкөнүн ар бир бурчунда өтүп жатат

Кыргыз эли меймандостугу менен башкалардан өзгөчөлөнгөн калк

Кыргызстандын Эгемендүүлүктүн жылдарындагы жетишкендиктеринин бири туруктуулук болду

"Ала-Тоодогу" салтанатты көргөнү келген кыргызстандыктар

Ак куудай, апакай куудай болуп мөлтүрөгөн бийчи кыз

Айгүл — Кыргызстандын сыймыгы. Бүгүнкү майрамдын көркүн жасалган гүлдөр да ачты

Бийледик! Бир нече жумалап көрүлгөн даярдыктын жыйынтыгы

Салтанатка кыргызстандыктар гана эмес, чет элдиктер да күбө болду

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен "Ала-Тоо" аянтында куттуктап жатат

Тынч күндөр, эгемендикти майрамдаган эл

Алты бакан селкинчек, атасы менен уулу...