Кум үстүндө күрөштүргөн Түштүк Кореянын ссирымы менен таанышыңыз

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЧемпионат и первенство России по борьбе куреш
Чемпионат и первенство России по борьбе куреш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ссирым — Түштүк Корея өлкөсүнүн улуттук күрөшү. Бул бел боо күрөшүнүн бир түрү, балбандар белге байланган курдан (сатба) кармап, бири-бирин жыгууга аракет жасашат. Эркин күрөштүн ыкмалары колдонулат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет ссирым менен тааныштырабыз.

Чемпионат и первенство России по борьбе куреш - Sputnik Кыргызстан
Бел курдан кармап ыргыта чап! ДКОдо өтчү түркмөн горешинин эрежеси
Ссирым күрөшүнүн аянтчасы "ссирым джанг" деп аталат. Ал тегерек формасында жерден 30 сантиметр бийиктикте орнотулат. Мында мелдешти даана көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Күрөш аянтчасына төгүлгөн кумдун калыңдыгы 10дон 20 сантиметрге чейин болот. Мелдештин катышуучулары жылаңайлак, чолок шым кийип чыгат. Белине байлаган куру "сатба" деп аталат.

Сатба балбандын белине жана оң санына оролуп байланат. Балбандар борбордук аянтта тизелеп отуруп сол колу менен атаандашынын санына оролгон курду, оң колу менен белине байланган курду кармайт. Андан соң кармаган тейде тик туруп күрөштү баштоо белгисин күтүшөт. Жеңишке жетүү үчүн каршылашын денесинин бир бөлүгүн жерге тийгизиш керек.

Ссирым япондордун сумосунан айырмаланып атаандашын күрөш аянтчасынан түртүп чыгарса утуш берилбей, кайра кармаш уланат.

Беттеш эки раунд менен өтөт. Кармашууга эки, тыныгууга бир мүнөт убакыт берилет. Жаракат алган спортчу эки мүнөттүн ичинде медициналык жардам алып, килемге кайтышы керек.

Өзбек элинин курашы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнунда тартууланчу өзбек элинин курашы. Мелдештин жол-жобосу
Бир раундда эки эскертүү алган спортчу жеңилди деп табылат. Ал эми жалпы эле таймаштын жүрүшүндө үч эскертүү алса оюндан четтетилет.

Ссирымда согуу, бутка тебүү, муундарга тебүү ыкмаларын колдонууга тыюу салынат. Ал эми саны, колу жана буту менен жасалган ыкмаларга уруксат берилет. Ошол эле учурда кол менен бутту кармоого болбойт. Балбан курдан тартып гана каршылашын багындырыш керек.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөнүн 2300 спортчусу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0