Мэрия эгемендүүлүк майрамынын программасын жарыялады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПразднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү коомдук транспорт түнкү саат 01.00гө чейин иштейт.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына карата Бишкек мэриясы шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа даярдады.

Майрамга карата "Ала-Тоо" аянтын жана шаарды жасалгалоо иштери соңуна чыккан. Бул күнү коомдук транспорт түнкү саат 01.00гө чейин иштейт. Коомдук тартипти Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы көзөмөлдөп турат.

Билдирмеге караганда калаанын чар тарабында эртеден кечке түрдүү иш-чаралар өтмөкчү.

Программа:

10.00 – 12.00 — "Ала-Тоо" аянтында салтанаттуу иш-чаранын күндүзгү бөлүгү башталып, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа өтөт;

19.00 — 22.00 — эстрада ырчылары катышкан кечки шоу-программа уюштурулуп, саат 23.00дө фейерверк менен аяктайт.

Село Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар сентябрдын башында 4 күн катары менен эс алат
11.00-13.00 — "Эмен" багында дзюдо, таэквандо, кыргыз күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, каратэ, ордо, тогуз коргол, шахмат, көркөм гимнастика, футбол, триатлон, оор жана жеңил атлетика, велоспорт, кол күрөш жана стол тенниси боюнча спорттук мелдештер өтөт.

Эски аянтта Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналган колго жасалган гүлдесте көргөзмөсү болот.

Мындан сырткары, парк, сквер, кичирайон жана жаңы конуштарда да майрамдык иш-чаралар уюштурулмакчы.

Октябрь району

10.00 — №3, 4, 5 кичи райондорунда мадиний иш-чаралар.

11.00 — дартс, 15.00дө футбол боюнча мелдеш.

13.00 — №73 мектепте спорттук жана концерттик программа уюштурулган.

14.00 — 7-кичирайондогу №42 үйдө спорттук оюндар.

Ленин району

9.00 — "Ала-Тоо" конушундагы №82 мектепте улуттук оюндар боюнча мелдеш.

15.00 — №72 (Курчатов көчөсү) кичи футбол боюнча беттеш.

17.00 — Фучик багында мастер-класс өткөрүлөт. Анда кагаздан, кийизден жана жиптен буюм жасоону үйрөтүшөт. Ошондой эле айкидо, самбо, дзюдо, күрөш, кудо спорттук оюндарын көрсөтүп беришет.

Биринчи Май району

12.00 — "Щербаков" конушунда, Манас №201/1 проспектисиндеги эски аянтчада маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт.

Майрамдык иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майрам күндөрү Кыргызстанда кандай аба ырайы болот
13.00 — Панфилов көчөсүнүн №8 жана 10 үйдүн короосунда маданий жана спорттук иш-чаралар.

"Ак-Босого" (саат 11:00), "Калыс-Ордо" (саат 12:00) жана "Мурас-Ордо" (саат 13:00) конуштарында боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар жана оюндар болмокчу.

15.00 — "Жаштар" паркында боз үй тигилип маданий жана спорттук иш-чаралар, концерт, улуттук оюндар, "Ыр кесе" сынагы өтөт.

Свердлов району

10.00 — "Кара жыгач" токоюнда футбол боюнча мелдеш, эстафета жана башка оюндар. №11 мектепте оюндар, кичи футбол, дартс жана аркан тартышуу болот.

Ушул эле убакытта Келечек, Эне-Сай, Бакай-Ата конуштарында да спорттук иш-чаралар уюштурулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0