БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын Токтоналиев көчөсү жабыла турганын шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-августтан тарта Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул учурда Айтматов проспектиси альтернативдүү жол болмокчу.
Жолду оңдоо иштери 17-октябрда соңуна чыгат.