00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбековго жол коопсуздугун реформалоо жолу сунушталат. Эксперттердин тизмеси

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган топтун алдына бир нече милдет коюлган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда эксперттик топту саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектери айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с активистами - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков менен кайсы 40 активист жолукту. Тизме
Топту түзүү боюнча документке президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин кол койгон. Эксперттик жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөт аппаратынын, Ички иштер министрлигинин профилдик бөлүмүнүн, жарандык сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирген. Аталган топтун алдына бир нече милдет коюлган.

Эксперттик жумушчу топ Кыргызстанда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды, КРдин ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтарын жана бөлүмдөрүн оптималдаштыруу, реформалоо боюнча көрүлгөн чараларды, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын оң тажрыйбасын иликтейт. Жана анын натыйжасы боюнча Кыргызстандын жолдорунда коомдук тартипти, жарандардын корголушун жана коопсуздугун камсыз кылуучу ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жаңы түзүмү, башкаруу схемасы, функциялары жана милдеттери боюнча сунуштарды даярдайт. Андан соң даярдалган сунуштар түрдүү аянтчаларда талкууланып, жыйынтыгында президенттин кароосуна киргизилет.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Жээнбековго "Коопсуз шаар" долбоору кайсы этапта экенин айтып берди
Эске салсак, 2018-жылдын 19-июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн. Анда президент бул маселе боюнча жумушчу топту түзүү максатында ага аналитикалык маалымат киргизүүнү сунуштаган.

Андан соң 2018-жылдын 10-августунда мамлекет башчы менен жолугушууда маселе дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетектеген эксперттик жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Жаңы түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун курамы:

Тамерлан Ибраимов — "Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси;

Дамир Сагынбаев — КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:

Азамат Араев — Өкмөт аппаратынын укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Алмаз Орозалиев — Ички иштер министринин орун басары;

Канат Жумагазиев — Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;

Тимур Шайхутдинов — "Реформалар жана натыйжа үчүн" жарандык союзунун координатору (макулдашуу боюнча);

Жолдошбек Осмонов — мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);

Азамат Акенеев — көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).

Жаңылыктар түрмөгү
0