Бурулайдын атасы: милиция бөлүмүндөгү видеолор өчүп калганын айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев
Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кожоналиев милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигине тийиштүү деңгээлде баа берилбей жатканын айтып, тергөөчүлөр алардын күнөөсүн жашырууга аракет кылып жатат дейт.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 28-майдагы Жайыл райондук милиция бөлүмүндөгү видеокамералардын файлдары өчүп калыптыр. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев билдирди.

Кожоналиев милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигине тийиштүү деңгээлде баа берилбей жатканын айтып, тергөөчүлөр алардын күнөөсүн жашырууга аракет кылып жатат дейт.

"Тергөөчү иш башталганда "бизде далил үчүн видео бар. Анын баарын аягында көргөзөбүз" деп айткан. Эми УКМКга барганда "видео файлдар эки күн эле сакталат экен, өчүп калыптыр, тийиштүү адистерге барып такыр ачтыра албай койдук" деп жатат. Кантип эле эки күндө өчүп кетсин, түшүнбөй жатам. 28-май күнү окуя болгон жерге милиция бөлүмүнө барганда бизди үч саатка чейин киргизбей коюшкан. Анда мен кызым өлүп калганын да уга элек болчумун. Көрсө булар ошондо бүтүрчү иштеринин баарын бүтүрүп сүйлөшүп алышкан окшойт. Эгер милициянын күнөөсү жок болсо видеону коркпой- үркпөй эле баарына ачык көргөзүп түшүндүрүп бермек да. Бул жерде милициянын күнөөсү чоң", — деди Кожоналиев.

Бурулайдын атасы тергөөчү, эксперттерден баары сүйлөшүп алган деп арызданып, акыйкатты кайдан издерин билбей калганын кошумчалады.

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: премьердин тапшырмасынан бери Кашкар Жунушалиевди көрө элекмин
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы видео тууралуу азырынча маалымат бере албай тургандыгын билдирди. Бирок буга чейин айрым ЖМК өкүлдөрү окуя болгон жерде камера болбогонун ИИМдин маалымат кызматына таянып жазып чыккан.

Эске салсак, Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи жолу түзүлгөн комиссиялык соттук-медициналык экспертиза кыздын денесиндеги жазууну жокко чыгарып, аны дефибриллятордон калган тактар деп жыйынтык чыгарып берген.

Биринчи эксперттер да сөөктө мындай жазуу болбогонун айтышкан.

Экспертизанын жыйынтыгынын бөлүгү
Фрагмент из результата экспертизы Буралай Турдали кызы - Sputnik Кыргызстан
Экспертизанын жыйынтыгынын бөлүгү

Эксперттердин чыгарган жыйынтыктарын салыштырсак, алгачкы жүргүзүлгөн экспертизада "Бурулай окуя болгон жерден жан берген" деп жазылса, экинчисинде бул жагдай "ал ооруканада канды көп жоготуп көз жумган" деп өзгөртүлгөн. Ошондой эле биринчи менен экинчи корутундуда алгачкы экспертизанын башталган датасы эки башка көрсөтүлүп калган.

Экспертизанын жыйынтыгынын бөлүгү
Фрагмент из результата экспертизы Буралай Турдали кызы - Sputnik Кыргызстан
Экспертизанын жыйынтыгынын бөлүгү

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0