Бурулайдын өлүмү боюнча кийинки экспертизанын жыйынтыгы чыкты

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOУбийство Бурулай в здании Жайыльского РОВД
Убийство Бурулай в здании Жайыльского РОВД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун атасы экспертизанын жыйынтыгына "макул эмесмин" деп кол коюп берген.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи жолу түзүлгөн комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, бирок маркумдун атасы Турдали Кожоналиев аны менен макул болгон жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кожоналиев өзү билдирди.

Чүй ОИИБдин маалымат кызматы экспертизанын жыйынтыгы чыкканын тастыктап, бирок корутунду менен толук тааныша электигине байланыштуу так маалыматты кийинчерээк берерин айтты.

Ал эми Кожоналиев эксперттер мурункудай эле кыздын денесинде эч кандай жазуу болбогонун айтышкан.

"Комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дагы кызымдын денесиндеги жазууну жокко чыгарды. Эксперттер мурункудай эле сөөктө мындай жазуу болбогонун, бир гана сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи калган деген жыйынтык чыгарып коюшуптур. Бул жерде эксперттер милицияны колдоп жатат. Чындык издеп чарчадым. Сүрөттө "н", "+" деген жазуулар даана көрүнүп турбайбы же аны мен өзүм тартып койдумбу? Үтүктүн изи кантип эле ушундай болсун. Ошол күнү милиция бөлүмүндөгү видеокамерадагы видеолор дагы жок, өчүп калыптыр. Кантип эле? Экспертизанын жыйынтыгына "макул эмесмин" деп кол коюп бердим. Акыйкат жок. Кайда, кимге кайрыларымды билбей калдым", — деди Кожоналиев.

Буга чейинки эксперттер да сөөктө мындай жазуу болбогонун айтышкан.

Бирок Кожоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде кызынын денеси кескиленип жазылган жазуунун сүрөтүн көрсөткөн.

16-июль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырган

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: премьердин тапшырмасынан бери Кашкар Жунушалиевди көрө элекмин
Андан кийин ИИМ жетекчиси Бишкекте өткөн маалымат жыйында Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугушуу болгонун айткан.

Бирок Бурулайдын атасы министр менен жолукпаганын айтып, өкмөт башчы тапшырма бергенге чейин бир ирет Жунушалиевдин биринчи орун басары менен кезигишкенин айткан.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0