Бурулайдын атасы Кожоналиев: качанкыга чейин мансаптуулар бизди басмырлайт?!

© Sputnik / Табылды КадырбековТурдали Кожоналиев, отец убитой в здании РОВД Жайыльского района девушки по имени Бурулай
Турдали Кожоналиев, отец убитой в здании РОВД Жайыльского района девушки по имени Бурулай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турдали Кожоналиев кызынын кордолуп өлтүрүлгөн сүрөтүн көтөрүп алып бир күнү министрге кирсе, экинчи күнү тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө.

60тан ашкан кишинин издегени — акыйкаттык. Анткени жакында эле соттук медициналык экспертиза Бурулай Турдали кызынын денесине жазылган "Н+Б" деген жазууну жокко чыгарып, ал болгону дефибриллятордун изи деген чечим чыгарып берип койгон.

Кызынын төшүнө тартылган жазууну өздөрү жазып койбогонун айткан ата кыргыз элинен адилеттүүлүк менен күрөшүүгө жардам берүүнү суранууда. Кожоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин студиясына баш багып, учурда жүрүп жаткан тергөө иштери жана кызынын өлүмү тууралуу маек курду.

(Ал кабарчыларга кызынын төшүндө тартылган сүрөттү көрсөттү. Сүрөттө "Н" деген деген тамганы жана эмчектин тушуна коюлган (+) белгисин даана көрүүгө болот. Ал эми "Б" деген тамга эмчекти айланта жазылыптыр.

— Сиздин оюңуз боюнча эксперт эмне себептен бул жазууну жокко чыгарып жатат?

— Бизде мыйзам деген иштебей калыптыр. Кызым өлгөндө бул ишке президент өзү киришип тийиштүү тапшырмасын берген менен аны аткарган бир адам жоктой. Эксперттин 20 жылдык тажрыйбасы бар экен. Кантип эле ушу жазууну көрүп, аныктай албасын. Бул жерде сүйлөшүү болгону көрүнүп эле турбайбы. Орозонун күнүндө болгон бул ишти да башаламан кылып, мени эки жакка чуркатып жатышат. Өздөрүнүн башына мындай мүшкүл иш түшсө эмне кылмак эле? Милиция, эксперт ата катары менин ордума өздөрүн бир коюп көрсүнчү. "Бул жазуу такталса да, такталбаса да кылмышкер бирдей эле жаза алат" деп жатышат. Бирок мен акыйкаттык үчүн акырына чейин күрөшөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековТурдали Кожоналиев: бизде мыйзам деген иштебей калыптыр. Кызым өлгөндө бул ишке президент өзү киришип тийиштүү тапшырмасын берген менен аны аткарган бир адам жоктой
Турдали Кожоналиев, отец Бурулай, убитой в здании ОВД Жайыльского района - Sputnik Кыргызстан
Турдали Кожоналиев: бизде мыйзам деген иштебей калыптыр. Кызым өлгөндө бул ишке президент өзү киришип тийиштүү тапшырмасын берген менен аны аткарган бир адам жоктой

— Милиция бул иш 20-25 секунддун ичинде болгон деп жатат. Сиз алардын берген көрсөтмөсүнө кошуласызбы?

Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала качкандар эми кантип жазаланат? ИИМ жаңы мыйзам долбоорун сунуштады
— Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Тергөөгө эч кандай дооматым жок. Болгону бул жерде эксперттин күнөөсү бар. Адвокат Жайыл райондук ооруканасына окуя качан болгону тууралуу кат жөнөткөн. Жыйынтыгында эксперт менен оорукананын берген көрсөтмөсү эки башка чыкты. Эксперт датаны 19-25-май деп жазып койгон. Кайдагы 19у? Окуя 27-майдан 28-майга караган түнү болуп жатпайбы. Мына шалаакылык. Муну бизге техникалык ката деп коюшту. Башында бул ишти милиция 20 секундда жасалган деп акыры 45 секунд деген версияны айта баштады. Бул андай убакытта боло турган иш эмес. Экөөнү сыягы "кыргыздар талашып келип, жарашып кетет" деп камап коюп кетип калышкан. Нөөмөтчү эшиктин түбүндө эле турган дешет. Адам бычак жегенде кыйкырат да, аны кантип эле укпай калсын. Демейде кичине ичимдик ичкендерди милиция бут кийим, курунан бери чечип калышат, мындайда алар эмнени карап жатышты. Башын да сүздүргөн окшойт бешенеси жарылып кетиптир. Анан шашпай отуруп алып тиги бала денесине чийгилеген окшойт.

Азыр менин талап кылганым эле акыйкаттык. Мага окшоп мындан кийин да бирөөнүн кызы сыздабасын. Бул элибизге сабак болуп баарыбыз акыйкаттык үчүн күрөшөлү. Бизде мыйзам деген иш жүзүндө иштебей эле калыптыр. Болбосо президент баш болуп киришкен иш мындай шалаакалык, алдамчылык менен аткарылбайт болчу.

— Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кызыңызды сөөгүн эксгумация кылдырабыз деп чыктыңыздар эле…

— Ооба, жаныбыз кашайып айлабыз кетип, баарын далилдеш үчүн акыры кайра каздырсакпы деп да ойлодук. Бирок эксперт жыйынтыкты бир ай дегенде араң чыгарды. Анан туугандарым дагы "өзү эзилип өлгөн кызды кайра эзбей эле коелучу" деп койду. Адвокат, тергөөчү менен сүйлөшсөк далилге ушул сүрөт эле жетет дешти. Ошону менен кайра каздырбай калдык.

— Бул сүрөттү өзүңөр тартып алдыңар беле? (Этикалык түшүнүктөн улам сүрөттү чыгарууну эпсиз деп таптык)

— Жок, кызымдын сөөгүн сууга алалы деп ачсак төшү кыпкызыл. Ошол учурда тартабыз деп журналисттер келип калыптыр. Алар да өз көздөрү менен ушул жазууну көрүп, "байке, кийин керек болуп калат, сүрөткө тартып коелу" деп телефонуна тартып алган. Кийин аны өзүбүзгө көчүрүп чыгарып алганбыз. Дагы эбептен себеп болуп Кудай бизге ошол журналист кызды жиберген окшойт. Болбосо бул жазууну далилдей албай калмак экенбиз. Өзүбүздүн сүрөткө тартып алуу ал учурда оюбузга келген эмес. Баса, баягы журналист келгенде ага жогору жактан бирөө чалып "аны шоуга айлантпагыла" деди окшойт, жаныбызда турганда "бул жерде адам өлүп жатса кантип тартпай коебуз" деп сүйлөшүп жаткан.

© Sputnik / Табылды КадырбековКожоналиев: сүрөттү журналисттер тартып алган. Кийин көчүрүп чыгарып алганбыз. Болбосо бул жазууну далилдей албай калмак экенбиз
Турдали Кожоналиев, отец Бурулай, убитой в здании ОВД Жайыльского района - Sputnik Кыргызстан
Кожоналиев: сүрөттү журналисттер тартып алган. Кийин көчүрүп чыгарып алганбыз. Болбосо бул жазууну далилдей албай калмак экенбиз

— Бурулайды уурдаган бала экинчи жолу ала качып кеткен турбайбы. Ошондо эле арыз жазуу оюңузга келген эмес беле?

— Ооба, биринчи жолу кызымды сабактан чыкканда алып качып кетиптир. Ачуу басаар болуп байкелери үйгө келгенде "беш кызым бар, Бурулайдан башкасын бүт эле кол менен той кылып алып кеткен. Эгер кызымдын балага көңүлү болсо мен каршы эмесмин" деп жооп бергем. Бул учурда ала качып кеткендер Суусамырга жетип калыптыр, кайра чакыртып кызыбыздан "көңүлүң барбы" деп оюн сурасак, "жок ата, жигитим бар десем болбой мени зордоп алып кетишти" деп жооп берди. Ал сөздү укканда мен каршы болуп баарын жолго салгам. Эртеси милицияга арыз жазайын десем байкеси "экинчи кайталанбайт, жазбай эле коюңуз" деди. Анын үстүнө аны менен чогуу иштегенбиз, ишенип "кой" деп койгом. Ошондо бекер кылыптырмын да. Балким жазсам мындай окуя кайталанбайт беле деп азыр тилимди тиштейм. Андан кийин дагы ала качып кетпесин деп баягы өзүнүн сүйлөшкөн Нурлан деген баласы туугандары менен келип сөйкө салып, 26-августка тойду белгилешкен. Бирок ага дагы карабай 27-майда ала качып кетип жатпайбы.

— Кызыңыздын ушундай окуяга кабылганын кайдан уктуңуз?

Блогер, специалист по пиару, продюсер Азим Азимов - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Азимов: "Ала качуудан" кийин босогодогу кемпирди аттап өткүлө дегендер болду
— Кечке жуук карыш турган дүкөнгө чыкканда сүйрөп кетишиптир. Дүкөнчү кыз киргенде артынан чуркап чыгып жетишпей калдым. Милицияга чалсам алар "жолдо посттор бар, алар сөзсүз кармашат" деди. Аялым, күйөө балам үчөөбүз артынан жөнөп шаардан чыкканда жаныбыздагы милицияга чалып "ала качкандар кармалды, кызыңыз жакшы" деди. Өзү менен да сүйлөшсөк Бурулай "жакшымын" деди. Жүрөгүбүз ылдыйлап, андан ары кызымды алганы жөнөдүк. Бир убакта Бурулай чалып "апа, келе жатасыңарбы?" деди. Ошондон кийин эле аны өлтүргөн окшойт. Барсак, бизди киргизбей "ала качкан баланы милициялар сабап коюптур, ооруканага баргыла" деп койгон. Көрсө, ал убакта кызым эбак эле үзүлгөн экен. Ооруканага да киргизбей, андан кийин кайра милиция бөлүмүнө алып барышты. Баарыбызды эмес, мени жалгыз эле киргизип угузушту. Башка жерден болсо да мейли дейт элек, бизди коргогон милиция бөлүмүнөн өлтүрүп коет деп түшүмө да кирген эмес.

— Шектүү сиз менен мурда чогуу иштечү турбайбы. Кандай бала эле?

— Токтоо эле бала болчу. Мен аны мындай ишке барат деп эч күткөн эмесмин. Атасы дагы биз менен мурда чогуу иштеген. Жоош эле киши болчу.

— Туугандары келип алдыңардан өткөн жокпу?

— Жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековБурулайдын атасы: азыр менин талап кылганым эле акыйкаттык. Мага окшоп мындан кийин да бирөөнүн кызы сыздабасын
Турдали Кожоналиев, отец Бурулай, убитой в здании ОВД Жайыльского района - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: азыр менин талап кылганым эле акыйкаттык. Мага окшоп мындан кийин да бирөөнүн кызы сыздабасын

— Бурулайдын сүйлөшкөн жигити келдиби?

— Ооба, ал кызымдын кыркылыгына чейин ар бейшемби келип куран окутуп кетчү. Андан башка эмне кылат.

— Адвокатыңыз комиссиялык соттук-медициналык экспертиза түзүлөт деп жатты эле?

В память о Бурулай. В Кыргызстане сняли фильм про кражу невест — видео - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео
— Кыргызстанда күчтүү делген бир экспертти таап сүрөттү алып барып көрсөтсөм "практикамда мындайды биринчи жолу көрдүм. Жазуу даана эле көрүнүп турат" деп айтты. Эми аны комиссиялык экспертизага кошкула десек, тигилер "бул жакка жеке эксперттер аралашканга болбойт" деп коюшту. Мен азыр ички иштер министринин орун басарына да ушул маселе боюнча кирип чыктым. Эгер кошпогудай болсо Саламаттык сактоо министрине да кайрылам. Кызым кандай кыйналып өлсө ага катышы барлар да өз жазасын алышы керек.

— Экспертиза качан болгону жатат?

— Так убактысы азырынча белгилене элек. Экспертиза ушул сүрөттүн негизинде болот. Эксперт эмес, жөнөкөй киши деле бул жазууну көрүп жатпайбы. Же эмне биз бул жазууну өзүбүз тартып койду дейсизби. Айтор, кийинки экспертизадан акыйкаттык күтөм. Бул баарына сабак болуш керек. Качанкыга чейин акчасы, мансабы барлар кембагалдарды басынтып жүрө берет?..

ИИМдин жообу 

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала качуу — бүлө куруубу же адам уурдообу? 5 орчундуу пикир
Биз бул үй-бүлөнүн абалын түшүнүп турабыз, орду толгус кайгы. Милиция кызматкерлеринин шалаакылык мамилесин да мойнубузга алабыз. Кыз менен ала качкан баланы бир бөлмөгө киргизип койбош керек эле. Бирок бул окуя катталаары менен эле биз кыздын денесинде эч кандай жазуу болбогонун маалымдаганбыз, аны соттук-медициналык экспертизанын чечими да тастыктап жатат. 

Бул бычактын эмес, дефибриллятордун изи. Окуя болгон күнү ошол жерде жүргөн милиция кызматкерлери жана райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги боюнча кызматтык иликтөө болду. Мындан тышкары, прокуратура кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп, алдыда соттук териштирүү күтүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгында кызды ала качкан бала менен маркум бөлмөдө канча убакыт өткөргөнү маалым болот. Биздин маалыматыбыз боюнча окуя бир мүнөттүн ичинде болгон. Бул окуядан кийин азыр милициянын нөөмөт бөлүмдөрүндөгү иш күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0