00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дүңгүрөгөн тойлор! Салымбековдун уулунан Курсан Асановдун кызына чейин

© AFP / Nhac NguyenCвадьба в Ханое
Cвадьба в Ханое - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл көзүндөгүлөр, калк башындагылар менен алардын жакындарынын баскан-турганы, жашоосу коомчулук үчүн ар дайым кызыгуу жаратып келет. Төмөндө элдин талкуусуна түшүп, бир даары суктанып, бир даары сын-пикирин айткан тойлорду тизмектедик.

Апта башында президент Сооронбой Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипова менен күйөө баласы Атабек Абжалиевдин үйлөнүү тоюндагы сүйүү баянын чагылдырган видеосу тарап, көпчүлүктүн назарына түштү. Жубайлардын тою 2016-жылы өткөн. 

Мындан улам, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги быйыл бакытын тапкан белгилүү адамдардын топтомун сунуштайт. Көбү жайдын илеби менен нике шакегин тагынса, дагы башкалары колун сурап кыз узатуу жөрөлгөсүн жасап, чоң тойду күзгө пландап жаткан чагы.

"Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык"…

Күйөрмандарды күттүргөн тойлордун бири ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованыкы болду окшойт. Алар 10-майда борбордогу тойканалардын биринде баш кошту. 

© Фото / Нурмухаммед СариевИзвестные кыргызские исполнители Нурлан Насип и Асел Кадырбекова
Известные кыргызские исполнители Нурлан Насип и Асел Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
Известные кыргызские исполнители Нурлан Насип и Асел Кадырбекова

Эстрада жылдыздарынын клиптерине көрк кошуп, сахнага чыкса артында образ жараткан белгилүү бийчи Макс Токтоналиев Азада аттуу бийкечке үйлөндү. Жубайлар 20-июнда баш кошкон.

Ал эми 25-июнда Ишкер Аскар Салымбековдун уулу Кубат Салымбеков Каныкей Мухтарова аттуу кызга баш кошуп, дүңгүрөтө той берген. Жаш жубайлардын жакшылына француз дуэти "Оттаван" менен "Ялла" тобунун солисти Фарух Закиров келген. Тойду тейлеген Нурсултан Майназаров Instagram баракчасына жылдыздар менен сүрөткө жүктөп, посттун астына "Аскар Салымбековдун байкемдин уулунун тоюнда" деп жазган. 

ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу 2-апрелде Нестан Ырысбаева аттуу кызга баш кошкон. Абдубаит уулу аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн россиялык M-1 уюму менен келишим түзгөн биринчи кыргыз спортчусу.

Шоу-бизнестин дагы бир көз күйдүргөн мырзасы 15-июлда бойдокчулук менен кош айтышты. Ырчы Арсен 15-июль күнү сүйүктүүсү Бегайым менен кол кармашты. Арсен "Жаңы толкун-2011" эл аралык сынагына Айбек Замиров менен бирге катышып, 4-орунду ээлеген. Ырчынын хитке айланган ырлары "Эсимде", "Бир сендей", "Тагдырың сага жазганда…" жана башкалар. 

Ушул эле күнү кыргыз эстрадасынын ырчысы Айпери Кубик кызы экинчи ирет турмуш курду. Жеке жашоосу тууралуу кеп кылууну жактыра бербеген ырчынын жолдошу ким экендиги белгисиз. Айпери куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыковдун кызы. 

Дзюдочу Юрий Краковецкий дагы бойдокчулук менен кош айтышкан. Ал кыргызстандык дзюдочулардын ичинен ийгиликтүү спортчу катары эсептелинет, эки ирет Олимпиада оюндарына катышкан (Рио-До-Жанейро жана Лондон). Анын сүйүктүүсү Дарья Цветкова чыгармачыл адам, графикалык сүрөттөрдү тартат. Жубайлар 20-апрелде үйлөнүшкөн.

Бир кездери "90-60-90 менин фигурам" деп ырдап чыгып дүң болгон ырчы Кундуз Канатбекова 26-июлда турмуш жолуна аттанды. Сулуунун жүрөгүн багынткан мырза ким экени азырынча белгисиз. 

Ал эми кечээ, 8-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызы Диананын кыз узатуу тоюн жасады. Күйөө баласынын аты Ильяс экендиги белгилүү болду. Колукту 24 жашта. 

Сөйкө салып, кыздын колун сурагандар

Болочок келинчегинин колун сурап же кыз узатуу тоюн өткөргөн белгилүүлөр да бар. Маселен, рэп ырчысы Баястан бийчи кыз Зульфия Лансарованын колун сурап, ата-энеси кызга сөйкө салган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары СДПК партиясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров 16-июль күнү кызы Айжамалды турмушка берип, кыз-узатуу тоюн жасагандыгын жазып чыккан. Жакшылыгына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев, спикер Дастан Жумабеков, Иса Өмүркулов, Мыктыбек Абдылдаев, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Алмамбет Шыкмаматов жана Алмазбек Баатырбеков барган. 

Бийчи Жан Воинов да жакында эле сүйүктүүсү Зарина Алмасбекованын колун сураган. Воинов теле алып баруучу Ассоль Молдокматова менен Кикбокс боюнча федерациянын президенти Александр Воиновдун уулу.

Жаңылыктар түрмөгү
0