БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа каналга кулап, эки адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Окуя 7-август күнү саат 22.30да болгон. Автоунаа Кожо-Кайыр каналына кулаган. Анын кесепетинен 63 жаштагы эки киши каза тапкан.
Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн унаадан алып чыгышты.