Анын мындай "чыгармачылыгынын" видеосу 9Gag порталынын Facebook тармагындагы баракчасына жүктөлгөн.
Видеодон көрүнүп тургандай, кыздын териси тоналдык кремдин жардамы менен кыйла агарып, хайлайтердин жардамы менен көздөрү "чоңойтулган". Ошондой эле кыз кашына атайын боекту колдонуп, көзүнө жасалма сурма менен кирпик чаптаган.
Интернет колдонуучулар макияжга чейинки жана андан кийинки кызды таанып болбосун жазышууда. Айрымдар роликке бир эле кыз тартылганына ишенбей да турушту.
Ци Хуахуанын видеосун кыска убакыт аралыгында эле Facebook тармагынан 3,8 миллион адам көрдү.