Суу ууртаганга убактысы болгон жок! Активисттер Сооронбай Жээнбеков тууралуу

Жазылуу
Бейшемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун 40 өкүлүн кабыл алып, бир нече саатка созулган жолугушуу өткөрдү.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өлкө башчы суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда активисттер менен адам укуктары, сот реформасы, саламаттык сактоо, сөз эркиндиги, коорупцияга каршы күрөш сыяктуу маанилүү маселелер тууралуу кеп кылды.

Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртууда бардык тарап бирге иш алып барышы кетектигин айтып, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталарын белгиледи. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун 40 өкүлүн кабыл алып, бир нече саатка созулган жолугушуу өткөрдү
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с активистами - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун 40 өкүлүн кабыл алып, бир нече саатка созулган жолугушуу өткөрдү

"Сиздерди Кыргызстандын келечек тагдырына кайдыгер карабаган, интеллектуалдык потенциалы бийик, мамлекеттик эмес уюмдарда иштеген мамлекетчил адамдар деп билем, тааныйм. Сиздер менен жолугушуу чечими дагы мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгын баса белгилеп коёюн. Кыргызстанда демократиялык процесстердин калыптанышы, олуттуу саясий өзгөрүүлөр — мына ушул сиздердин түздөн-түз катышууңар менен болгондугун баса белгилегим келет", — деди Жээнбеков.

Жолугушууда бүгүнкү күндө чоң көйгөйлөрдүн бири болуп жаткан жетим балдар жана аларга татыктуу тарбия берүү маселесин "Балдарды коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова көтөрдү. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Балдарды коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами  - Sputnik Кыргызстан
"Балдарды коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова

"Кыргызстанда жетим балдар үйүнө түшкөндөрдүн саны акыркы жылдары 30 пайызга көбөйдү. Мисалы, 2015-жылы кароосуз калган 9 миңге чукул бала болсо, азыр 13 миңден ашып кетти. Негизи мамлекет балдар үйүндө тарбияланып жаткан ар бир балага айына 14 миң сомдон бөлөт. Бирок мунун 30 пайызы гана баланын өзүнө кетип, калган 70 пайызы аларды баккандардын айлыктары, ар кандай кызматтар үчүн жумшалат. А биз болушунча балдарга көбүрөөк каражат сарпталышын каалайбыз. Анткени балдар үйлөрүндө үй-бүлөдөгүдөй шарттар түзүлүп, жетим калган балдарды чоң турмушка татыктуу даярдашыбыз зарыл", — деди Турдубекова.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда активисттер менен адам укуктары, сот реформасы, саламаттык сактоо, сөз эркиндиги, коорупцияга каршы күрөш сыяктуу маанилүү маселелер тууралуу кеп кылды
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами - Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда активисттер менен адам укуктары, сот реформасы, саламаттык сактоо, сөз эркиндиги, коорупцияга каршы күрөш сыяктуу маанилүү маселелер тууралуу кеп кылды
Анын айтымында, президент илгертеден кыргызда кароосуз калган балдар жана карыялар болбогонун айтып, азыркы кырдаалды сөзсүз жакшыртуу зарыл экенин баса белгилеген.

Ал эми "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов президенттин бул кадамын абдан туура саясий чечим катары баалап, диний кызматкерлердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин көтөрүү сунушун киргизди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов
Религиовед Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
"Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов

"Мечиттер жалпы улуттук саясатты жүргүзүүчү курал болуп калды. Андыктан, диний кызматкерлердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин көтөрүп, реформа жана модернизацияларды киргизишибиз керектигин сунуштадым", — деди Маликов.

Президент өз кезегинде бул маселелер боюнча чакан жолугушуулар болуп турарын билдирген.

Жээнбеков мамлекет үчүн бейөкмөт уюмардын мааниси зор экенин белгилегенин "Аялдардын дискуссиялык саясий клубунун" жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Аялдардын дискуссиялык саясий клубунун" жетекчиси Калича Умуралиева
Правозащитница Калича Умуралиева - Sputnik Кыргызстан
"Аялдардын дискуссиялык саясий клубунун" жетекчиси Калича Умуралиева

"Укук коргоо органдарында жана сот системасында ири реформа жүргүзүү маселеси каралды. Ансыз коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Мындан ташкары, Жээнбеков биртуугандары эмне иш менен алек болорун айтып берип жатып, азыр саясатта жүргөн иниси Асылбек Жээнбековду ишине аралаштырбай турганын белгиледи", — деди Умуралиева.

Өлкө башчы ар бир адамдын сунушун кунт коюп угуп, блокнотко жазып отуруп суу ууртоого убактысы болбогонун "Жардам берүү оңой" коомдук фондусунун директору Динара Аляева айтты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Жардам берүү оңой" коомдук фондусунун директору Динара Аляева
Директор общественного фонда Помогать легко Динара Аляева - Sputnik Кыргызстан
"Жардам берүү оңой" коомдук фондусунун директору Динара Аляева

"Мен президенттин так жанында отурдум. Улам бирибиздин сунуштарыбызды жазып жатып эки блокнотту толтурду окшойт. Суу ичкенге дагы убакыт тапкан жок", — деди Аляева.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков
Президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков
Жолугушууга катышкандардын айтымында, президент активисттерден калышпай сунуштарды киргизип, мындан ары ар бир тармак боюнча тар чөйрөдө жолугуп, маселени тереңирээк такуулоону сунуштаган.

Адистин пикири

Евразия аналитикалык клубунун жетекчиси, политолог Никита Мендковичтин пикиринде, президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен кезигип туруусу өтө маанилүү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвразия аналитикалык клубунун жетекчиси, политолог Никита Мендкович
Председатель Евразийского аналитического клуба и эксперт Российского совета по международным делам Никита Мендкович - Sputnik Кыргызстан
Евразия аналитикалык клубунун жетекчиси, политолог Никита Мендкович

Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу бийликтин бул багытта болгон жалгыз кадамы эмес.

"Жакында эле Экономика министрлигинин жетекчилиги бейөкмөт аналитикалык борборлордун өкүлдөрү менен жолуккан. Андыктан бүгүнкү жолугушууну бир чоң долбоордун бир бөлүгү деп билели. Бүгүнкү иш-чараны реалдуу жыйынтыктар үчүн уюштурулду деп дагы, бийлигин күчөтүү үчүн саясий кадам катары дагы баалагандар бар", — деди ал.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами - Sputnik Кыргызстан
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами
Эксперттин пикиринде, кандай болгон күндө дагы мындай жолугушуулар позитивдүү жемишин берет деп үмүт кылуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0