Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Дүйшөн Байдөбөтов 7-июль күнү узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги инсандын чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү тууралуу факты сунуштайт.

Өнөр адамы "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илиястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун ролун, театрда Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жараткан.

Актер 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган. 69 жашта болчу.

1. Болочок актерду атасы 73, энеси 49 жашында көргөн. Энеси Дүйшөнгө чейин 15 бала төрөп, анын экөө сууга агып каза болсо, төртөө согушка барып, алардын бири гана кайтып келген. Дүйшөн 1-класска барганда атасынан, 5-классында энесинен айрылат.

© Фото / из семейного архива ТоктобаевыхДүйшөн Байдөбөтов кесиптеши Мукамбет Токтобаев менен
Актер театра и кино, народный артист Кыргызстана Мукамбет Токтобаев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Байдөбөтов кесиптеши Мукамбет Токтобаев менен

2. Сүйүүнүн керемети окуудан артка тартып… Дүйшөн Байдөбөтовду билимге сугарган — эжеси. 8-класска чейин бир да төрт албай окуган. 9-класста кат жазмай дегендер жаш жигитти окуудан калтырган. Мектепте жүргөн кезде ырдап, мектептин курама командасында волейбол ойноп, активдүү окуучулардын катарын толуктаган.

3. Аз жерден дарыгер болуп кала жаздаган. Бала чагында апасы ооруп жүргөн убактарда дарыгер болом дечү, бирок мектепти аяктаганда актерлукту тандап Москвадагы ГИТИСге (Мамлекеттик театралдык искусство институту) тапшырган.

4. Чыңгыз Айтматов менен катарлаш отуруп… Студент кезде Москвадан Фрунзеге учуп баратып белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов менен катарлаш отуруп калат. Ошондо жазуучу далыдан таптап "жакшы окуш керек" дейт. Кийин актердун "тагдырдын буйругу экен, кийин Чыңгыз атанын чыгармаларынын көбүндө роль ойноп калдым" деп айтканы бар.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАктер мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен театр күнүндө баарлашууда
Премьер-министр Сапар Исаков навестил народных артистов по случаю Всемирного дня театра - Sputnik Кыргызстан
Актер мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен театр күнүндө баарлашууда

5. Кинодогу эң биринчи ролу — Илиястын образы. 1971-жылы окуусунун акыркы курсунда "Мен — Тянь-Шань!" тасмасына актёрлор тандалып, Байдөбөтов Илиястын образына тандалган. Тартуу иши тууралуу актер таң калуу менен эскерет, "кышында ал киного тартылам деп алакандарымды үшүккө да алдырып алгам. Азыр ойлоп коркуп кетем, тайгак жолдон машинаны учуртуп айдап баратып киши сүзүп же өзүм жол кырсыкка кабылсам эмне болмок" деген. Ошондой эле актер "эгер Илиястын ордунда болсом Аселдин артынан барып, кечирим сурамакмын, Илияс курчтукка алдырып койду" деп кошумчалаган.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
6. Бостон болмокмун… Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасынын негизинде тартылган "Ак баранын көз жашы" тасмасында Байдөбөтов Базарбайдын ролун аткарган. Өзүнүн айтымында, алгач Бостондун образына тандалган. Бирок актер ал маалда Ош драма театрында иштеп жүргөндүктөн, аны экинчи ирет Бишкекке тасманын режиссеру Дооронбек Садырбаев чакыртып алат. Учакка билет жок, Таш-Көмүр шаарынан Фрунзеге чейин КамАЗ менен келет. "Май айы Ошто күн бир топ жылып калган кез, Ала-Белге келсек кар уруп, күн суук. Тиги шофердун курткасын кийип, жүдөп, сакал өсүп, эртеси эртең менен саат 8де так “Кыргызфильмдин” алдына түшүрүп койду. Жуунуп-таранганга убакыт жок. Эртең менен киришим керек эле. Докем менин жанагындай кебетемди көрүп эле сүйүнүп кетти. Кинопробага түшө албайм, жуунуп-таранып келе калайын дегениме такыр болбойт. “Во, мына так ушундай кебетең керек эле да. Мына эми нак Базарбай болуптурсуң. Болду, сен Бостон эмес, Базарбайды ойнойсуң. Давай, бат,  ушу боюнча тарткыла” деп эле чечип койду. Ошентип Базарбай болуп калгам" деп айтып бергени бар.

7. 1990-жылдан тарта кино жана театрда байма-бай ролдорду жарата баштаган. Алгач Алай элдик театрында, кийин Жаштар театрында эмгектенип, 1991-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген. Таланты бааланып Кыргыз Эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты аталган. Кыргызстандагы биринчи коммерциялык радионун бренд үнү болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековБайдөбөтов "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илиястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун ролун аткарган
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Байдөбөтов "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илиястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун ролун аткарган

8. Жубайы Кенжебүбү Исманова менен классташ. Сүйүү сезимдери студент кезинде күч алып, баш кошушкан. Кызыгы беш жыл бою өзү Мосвкада, жубайы Фрунзеде окуп, эки жакта өмүр сүрүшкөн. Актер мындай сыноого чыдаш үчүн таза сезим менен ишенич гана керек экендигин белгилеген. Өмүрлүк жары да театрдан алыс адам эмес.

9. Тун уулунан ажырап… Жубайлардын бир кыз, эки эркек, беш небереси бар. Эки жыл мурда улуу баласы узак оорудан каза тапкан. Экинчи баласы үй-бүлөлүү, кенже кызы белгилүү компаниялардын биринде эмгектенет.

Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0