БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Галстукту такай тагынып жүрүү мээге кандын жакшы жетпей калышын шарттай. Мындай жыйынтыкка Германиянын Шлезвиг-Голштейн университетинин ооруканасынын адистери келишкенин Neuroradiology журналы жазып чыкты.
Дарыгерлердин ырасташынча, галстук моюндагы кан тамырларды кысып организмде кандын эркин айлануусуна жолтоо болот.
Изилдөөгө 30 киши катышкан. Алардын жарымына галстук тагынып магниттик-томографиядан өтүү сунушталган. Калгандары жөн гана изилдөөдөн өтүшкөн. Томографиянын жыйынтыгында галстук тагынгандардын мээсине кан толук жетпей турганы аныкталган.
Андан сырткары, дарыгерлер акыркы учурда көпчүлүк жерде дресс-код бар экенин жана тик жакалуу көйнөк менен галстук тагынуу шарт экенин эске алып, иш берүүчүлөр кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүүсү керектигин эскертишкен.