Талас — Тараз жолундагы кырсыктан эки адам каза таап, жеткинчек жаракат алды

Жазылуу
Маркумдардын сөөгү моргго берилди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Талас — Тараз унаа жолунун 58-чакырымында эки авто кагышканын ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Буура районунун Бейшеке айылында болгон кырсыктын кесепетинен эки адам каза таап, жети жаштагы жеткинчек оор абалда ооруканага жеткирилген.

"Audi менен Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен. Окуядан улам 59 жана 63 жаштагы кишилер мерт болгон. Ал эми жети жаштагы бала оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу дагы катуу жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдардын сөөгү моргго берилди. Учурда аты-жөнү такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0