Тыгын азайбайт! 7-Апрель көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Жазылуу
Бордюрларды орнотуу жана асфальт төшөө иштери 15-октябрга чейин созулат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкекте ремонт иштерин жүргүзүү үчүн 7-Апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы (мурдагы Шабдан баатыр) жабылганы жатат.

Чүй проспектисинен Анкара (Гроький) көчөсүнө чейинки бөлүк 30-июндан тарта жабылат.

Бордюрларды орнотуу жана асфальт төшөө иштери 15-октябрга чейин созулат.

"Мадина" базарына мурдагыдай эле көпүрө аркылуу кирүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0