00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
8 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
10:09
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өгөй атасы сабаган эгиз кыздардын бири майып болчу. Бүлөнүн дайын-дареги айтылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулукта таякталып учурда ооруканада жаткан секелектерден Акыйкатчы институтунун өкүлү кабар алган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Сокулукта өгөй атасы тарабынан мыкаачылык менен сабалган 10 жаштагы эгиз кыздардын бири майып экенин Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы аталган аймактын үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнө таянуу менен билдирди.

Эскерте кетсек, 27-июнь күнү катуу таякталган эгиз кыздар жаракатынан улам ооруканага түшкөнү, ал эми энеси күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартып жатканы жарыяланган. 

Акыйкатчынын Чүй облусу боюнча өкүлү жабыркаган секелектер дарыланып жаткан аймактык ооруканага барып, алардан кабар алган. Дарыгердин айтымында, кыздардын абалы туруктуу, бирок невропатологдун текшерүүсүнөн өтүшө элек.

"Сүйлөшүү учурунда кыздар өгөй атасы сабаганын танып, бактан, үйдүн чатырынан кулап кеткенин айтып жатышты. Андан соң алардын 43 жаштагы энеси менен да сүйлөшүү жүргөн. Ал болушунча 33 жаштагы жарандык күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин далилдөөгө аракет кылды", — деп айтылат маалыматта.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Сокулук районунунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн башчысы аталган үй-бүлө каттоодо эмес экенин, үй ээси оорудан каза болгондуктан Соцфонддон 5700 сом пенсия аларын белгиледи. Андан тышкары, талма оорусунан улам майып болуп, үйдөн окутууга өткөн эгиздердин бирине 3000 сом көлөмүндө пенсия чектелген. Ал эми бири жергиликтүү мектепте 4-класста окуйт. Жубайлар экөө тең Москва районундагы жашылча жууган жайда иштей турганы айтылды.

"Ал каргашалуу күнү кыздардын бири үйдөн чыгып кеткен түгөйүн издеп кетет. Энеси ашканада тамак жасап жаткан. Кыздарды кайтып келгенден кийин өгөй атасы электр зымы менен сабаган. Талма оорусу менен жабыркаган кыздын мурду канап кетет. Ата сөрөй аялы эшикти каккылаганда гана таягын токтотот", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн тергөөчү кыздарды үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн өкүлү менен энесинин көзүнчө суракка алган.

"Кыздар психологиялык жардамга жана колдоого муктаж. Аларга күйөөсүнө болушкан энеси басым жасап жатышы мүмкүн. Себеби кыздардын бири катуу коркуп калганы көрүнүп турат. Ал энесинин колун кармап, эки сөзүнүн биринде "мен апамды жакшы көрөм" деп кайталоодо", — делет билдирүүдө.

Кыздарды коргоо максатында палатасынын жанында социалдык кызматкер нөөмөттө турат. Ушу тапта Акыйкатчынын Чүйдөгү өкүлү бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0