БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Сокулук районундагы айылдардын биринде 10 жаштагы эгиз кыздарды сабаган киши кармалганын Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Ага ылайык, 26-июнда аймактык инспекторго жергиликтүү тургундардан арыз түшүп, эркек киши жашы жете элек кыздарды сабап жатканын айтышкан.
Милиция кызматкерлери таяк жеген кыздарды ооруканага алып барган.
"Кыздардын энеси арыз жазуудан баш тарткандыктан милицияга социалдык кызматкерлер кайрылган. Алар балдарды коргоо үчүн ата-энеден кийинки эле мыйзамдуу өкүлдөр болуп саналат", — дешти укук коргоо органдарынан.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 111-беренеси "Кыйноо" боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары кыздардын 35 жаштагы өгөй атасы кармалды.
Милиция аталган үй-бүлөдө кыздар буга чейин да зомбулукка кабылган-кабылбаганын териштирип жатат.