Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековВид на поселок близ города Кадамджай. Архивное фото
Вид на поселок близ города Кадамджай. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, жамгыр жаайт. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда 28…33 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 26…31 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн ачык болуп, термометр 30…35ти көрсөтөт. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 22…26 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Борбор калаада жаан жаабайт, күн 30…32 градуска чейин жылыйт. Ош шаарында болсо күндүн табы 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0