Химиялык заттар кошулган азыктардан улам ашказан оорулары көбөйүп жатат. Үй-тиричилигинде жууп-тазалоочу каражаттар да буга себеп. Мындай пикирин Мавлюда Атабекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде ашказан, ичеги-карын оорулары тууралуу маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, газдалган суусундуктар да ар кандай ашказан илдеттерине алып келет.
"Көчөдөгү тез татымдар, мөмө-жемиштерди жакшы сактоо үчүн колдонулган химиялык заттар, тамактын даамын күчөтүүчү ар кандай кошулмалар ашказан ооруларынын көбөйүшүнө себеп болуп жатат. Ал эми туура эмес тамактануу, суюк тамакты аз ичип, таттуу суусундук, кургак азыктарды жеп алуу менен бул оору жаштар арасында да жайылып баратат десек болот. Кыргызстанда жарандар эң көп чалдыккан дарттардын бири ушул ашказан оорулары. Андыктан туура тамактануу менен биз көптөгөн оорулардын алдын алсак болот", — деди Атабекова.
Ал оорубаса деле жылына бир жолу ашказанды текшертип туруу керектигин кошумчалады.